Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Ош шаарынын жаратылыш газы үчүн карызы 62 миллион сомдон ашты


Бул туурасында «Ошгаз» ишканасынын директорунун биринчи орун басары Рауф Салихов «Азаттыкка» маалымдады. Ал калаа калкы 1-мартка дейре көгүлтүр от үчүн карызынан толук кутулбаса, газ түтүгү кыркылаарын, ошондой эле мындан аркы төлөмдөрдүн бардыгы доллар курсунун эсебинде жүргүзүлөөрүн эскертти. Оштук талдоочу Абай Эшмаматов жаңы жылдан баштап газдын наркынын көтөрүлүшү калктын социалдык начар катмарына катуу сокку ургандыгын белгилеп, ошол эле учурда Тажикстанга окшоп мекендештеринин таламын талашканга жарабагандыгы үчүн кыргыз өкмөтүн кескин айыптады. (ATo)

XS
SM
MD
LG