Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Жалал-Абат областтык бийлигинде кыйноолорго каршы тегерек үстөл өттү


Облустагы «Адилеттик» уюму өзү катышкан «Борбор Азиядагы кыйноолорду четтетүү» деген долбоордун жыйынтыгын чыгарды. Эки жылдык долбоор Евробиримдик тарабынан каржыланган. Долбоордун Кыргызстандагы координатору Эрнест Жанаев өлкө боюнча түшкөн 87 арыздын бешөө адам өлүмү менен байланышканын билдирди. «Адилеттиктин» төрайымы В.Гриценко кыйноолор жөнүндө облустан 20 адам кайрылып, бир жоокер Ошто зомбулуктан көз жумганын айтты. Адвокат Абдумиталипов билдиргендей, былтыр Аксы районунда Чыныбеков аттуу адам уруп-согуудан жабыр тарткан. Ал боюнча кайрылуу райондон тартып, Жогорку Cотко дейре жеткени менен ага зордук көрсөткөндөргө кылмыш иши козголбогон. Кочкор-Ата шаарында да тартип сакчылары кармалган кишиге кол көтөрүшкөн. Облпрокурордун орунбасары Талант Аккозуевдун айтымында, 2008-жылы тартип сакчыларын жоопко тарт деп түшкөн 5 арыздын бири да аныкталбаган. (YA)

XS
SM
MD
LG