Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Нарында активдүү иштеген бейөкмөт уюмдар азайды


Нарын облустук жарандык коомду колдоо борборунун жетекчиси Айгүл Найманбетованын айтымында, Нарын шаарында 300гө жакын бейөкмөт уюмдар бар. Бирок алардын ичинен иштеп жаткандары саналуу гана. Маселен, Нарын шаарындагы «Теңдеш» коомдук уюму соңку жылдарда каржылоо болбогондуктан кеңеш берүү менен гана чектелүүдө. Нарын шаардык салыктар жана жыйымдар боюнча комитетинин кызматкери Эмил Мамбетсултановдун айтымында, былтыр салык органынан 191 гана коомдук бирикме каттоодон өткөн жана алардан 191 миң 500 сом салык алынган. (KUs)

XS
SM
MD
LG