Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

«Мээрим булагы» балдар үйүндө чоңойгон студенттер жана анда иштеген кызматкерлер ачкачылык жарыялашты


Түп районунун Ак-Булуң айылындагы "Мээрим булагы" балдар үйүнүн жетекчилиги өлкөдөн балдарды мыйзамсыз алып чыккан жана христиан дининдегилерди мажбурлап сүннөткө отургузган деген айып менен укук коргоо органдарында суралып аткан. Балдар үйүндө чоңоюп тарбияланган студенттер жана анда иштегендер өздөрүнүн уясын коргоп чыгышып, коюлган айыптоолорду четке кагышууда. Мукамбет кызы Майрагүлдүн айтуусунда, Бишкектеги жогорку окуу жайларда окуган тогуз студент ачкачылык жарыялады. 18-февралда алар атайын маалымат жыйын өткөргөн жатышат. Балдар үйүнүн директору Гүлнара Дегенбаеванын айтымында, бир эле учурда  мекеменин 11 кызматкери да ачкачылык акциясын баштады. (RB)

XS
SM
MD
LG