Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Баткен-Исфана жолу тажик атуулдары тарабынан 7 саатка тосулду


Көк-Таш айылынын башчысы Назем Үсүрованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, чыр тажик атуулдары уруксатсыз эле суу өтүүчү түтүктү алып кеткендиктен Көк-Таш айылынын тургундары Тажикстандын жер адисин барымтага алып койгондугунан башталган. Натыйжада, Тажикстандын Мачайы айылынын 100 тургуну чыгып, Баткен-Исфана жолун Жеке-Өрүк участкасынан 7 саатка тосуп, 150 чакты кыргызстандык автоунаалар өтө албай шыкалып калган. Саат үчтө жергиликтүү күч кызматтарынын сүйлөшүүсүнөн кийин тажик тарап түтүктү алып келип, барымтада отурган атуулдарын чыгарып кетишип, жол тоскондор тараган. (JsA)

XS
SM
MD
LG