Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

К. Бакиевдин баркы эл ичинде кандай?


Жалал-Абатта жашаган элдин бир тобу К. Бакиевди дагы бир мөөнөткө шайлоо керек деп эсептешет. Каршы тараптагылардын көз карашында «социалдык - экономикалык туңгуюкта калган эл" президентти эмки шайлоодо колдобойт.

Ноокен районундагы пенсионер Курбанкул Султанов айылдыктар түгөлү менен Бакиевди кубаттаарын билдирди:

- Курманбектин экинчи мөөнөткө президенттикке коюшу туура эле болот, иштегендери баары эле жакшы, канаттандырарлык, пенсияны көбөйтүп, жаштарга иш таап берип атат. Мунун ойлогон ойлору көп, иш жүзүнө ашып калса жакшы эле болот, Кыргызстан оңолушуна көзүбүз жетет. Кыргызстанды колдоп келген, дагы колдойт.

Облус тургуну Таирбек Абдымаликов Бакиев Орусия менен ымала түзүп, өлкөгө чоң инвестиция тартууда деп айтты:

- Кудайга шүгүр, Курманбек Бакиевдин кылган штерин баардыгыбыз эле колдойбуз. 2010-жылы коюшу керек. Баардыгыбыз Бакиевди шайлайбыз.

Базар-Коргон районунан Салибек Кадыровдун пикири боюнча ушу тапта айыл-калкы түгөл жумушсуз. Алар үй-бүлөсүн кантип багуунун, бекерчиликтин айынан кандай арга менен күн өткөрүүнүн амалын издешүүдө. Шайлоонун кандай түрү болсо да, президенттик, же депутаттык мурдагы тандоолорго ынанбай, айылдыктардын көңүлү сууп калган:

- Азыркы шайлоого эч ким ишенбей калды. Эл келип шайлаган маалда дагы ошол шайлаган адамы болбой атат. Салыкты, сууну, газды, свети көтөрүп койду, биз эмне кылышыбыз керек, башым чыңалып отурат жер тырмалап. Туура шайлоо болгон болсо бул президентти эч ким шайлабайт.

Бийликтин кемчилиги элге алаканга салгандай көрүнүп турганда президенттик шайлоо тууралуу сөз кылуу кажетсиз. Учурдагы абалга ушундай баа берген Кочкор-Ата шаарынын тургуну Канатбек Эрбаевдин көз карашында «ач кадырын ток билбейт» дегендей, өлкө башчысы тургай, жергиликтүү бийлик ээлери да карапайым жарандардын жашоосу менен жумушу жок. Алар көбүн эсе жалган айтышат, өкмөттүк сыналгы аркылуу турмуш чындыгын бурмалап көрсөтүшөт.

К.Бакиев президенттикке талапкерлигин койсо, көйгөйлөрдүн көптүгүнөн тажаган эл ага каршы чыгуусу, же ал мыйзамсыз ыкмалар аркылуу утуп алуусу ыктымал. Анткени талапкер болчу оппозиция өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, алардын жолу буулуу, деп божомолдойт Канатбек Эрбаев:

- Президентибиздин экинчи мөөнөткө барганын эл кандай көрөт, эң негизги принцип ошондо болуп турат. 90-95 пайыз эл Бакиевдин болушун каалабайт. Бакиевдин бир гана жолу бар, мурдагы шайлоолорду өткөргөндөй эле, фальсификацияга барышы мүмкүн, криминалды аралаштырышы мүмкүн, административдик ресурстарды колдонушу мүмкүн. Ошол жолго таянып, ошол жол менен барам деп атат. Бирок азыркы мезгилде элдин көзү абдан чоң ачылып калды. Эл андайга жол бербейт.

Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаты Асылбек Текебаев Бакиевдин бийлиги менен элдин талаптары ишке ашпай калды деп эсептейт. Анын пикири боюнча президент март ыңкылабынан бери өлкөнү саясий жана социалдык-экономикалык туңгуюкка алып келип такады. Дүйнөлүк кризистин арааны жүрүп, өлкө казынасында каражат тартыш чакта президенттик шайлоо өткөрүү Кыргызстандын башка өлкөлөргө экономикалык көз карандылыгын күчөтөт.

- Дагы беш жылдык мөөнөткө президенттикке өзүнүн талапкерлигин коем дегени, бул учурдун, элдин талабына жооп бербейт. Буга чейин 4 жылда болгон Бакиевдин өлкөнү, мамлекетти экономикалык-саясий-социалдык кризистен алып чыгып кетээринен күмөн туудурат. Ошондуктан экинчи мөөнөткө Бакиев өзүнүн талапкерлигин койсо, эл аны толук колдобойт деп ойлойм. Ошондой эле шайлоонун арты чоң жаңжал менен да бүтүшү мүмкүн, – деп тыянак чыгарды Асылбек Текебаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG