Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

АКШ жана Кытай өнөктөштүктүн жаңы дооруна өтөбү?


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кытайдагы сапары учурунда эки өлкөнүн соода алакаларына басым жасары күтүлүүдө.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кытайдагы сапары учурунда эки өлкөнүн соода алакаларына басым жасары күтүлүүдө.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон апта соңунда Кытайга барат. Ал кытай бийликтери менен талкуулоочу башкы маселе - эки өлкөнүн соода алакалары. Анткени АКШ менен Кытайдын соода алакасындагы проблемалар, адистердин айтымында, азыр бүткүл дүйнө боюнча банктарды жана бизнести алсыратып жаткан кризистин жаралышына көмөктөштү.

АКШ менен Кытайдын соода алакалары сыртынан караганда жөнөкөй эле. Кытай товар өндүрөт, Кошмо Штаттар сатып алат. Кытай Америка менен соодадан тапкан кирешесин кайра Кошмо Штаттарга инвестициялап, продукцияны дагы көбүрөөк сатып алууга мүмкүндүк берет.

Артта калган жылдары АКШ менен Кытайдын соода алакасында мына ушул "алтын формула" өкүм сүрдү. 2002-2006-жылдардын аралыгында сооданын гүлдөөсү глобалдык экономикадагы өсүштүн 60 пайызын камсыз кылды деп эсептелинет. Кытай экспорту жылына 35%га, экономикасы орто эсеп менен 10%га өсүп турду. Мунун аркасында миллиондогон кытайлыктар жакырчылыктын сазынан чыга алды, фабрикалардын саны бир нече эсе көбөйдү.

АКШ үчүн болсо эл керектөөчү товарлар Батышта өндүрүлгөн продукцияга салыштырмалуу ит бекер баада агылып жатты. Мындан маанилүүсү - Кытай тапкан кирешесин кайра АКШ менен Европанын балуу кагаздар базарына, өкмөттүк облигацияларына инвестициялады. Бул өз кезегинде Батышка кошумча капиталдын куюлуусун шарттады. Нак акча көбөйгөн банктар болсо батыштык керектөөчүлөрдү үстөгү мурда болуп көрбөгөн төмөнкү пайыздагы насыя менен камсыздоого өттү. Арзан насыяга азгырылган керектөөчүлөр насыяны акыр-аягында төлөй албай калганын аңдап-билгенге чейин алышты.

Вашингтондогу MBG маалымат кызматын башкарган экономист Чарльз МакМиллион (Charles McMillion) мындай дейт:

- Өткөн жылы АКШнын соода балансындагы таңкыстык 700 миллиард доллардай болду. Бул биздин Улуттук дүң өндүрүштүн 5 пайыздайы. Акыркы сегиз жылда АКШнын соода балансындагы таңкыстык болжол менен 5 триллион долларды түздү.

Соода баланстагы таңкыстык тигил же бул өлкө четтен сатып алган товар менен кызматка сарптаган жана четке саткан товар менен кызматтан түшкөн акчанын ортосундагы ажырым.

Алдыда айтылгандай, АКШнын соода балансындагы таңкыстык былтыр 700 миллиард долларды түзгөн болсо, бул америкалыктар күнүнө тапканына караганда 2 миллиард доллардан көп коротту дегенди билдирет.

Демек Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон АКШнын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси катары Кытайга жасоочу алгачкы сапары учурунда эмнеге үмүттөнүүдө. Байкоочулардын баамында ал артыкчылык берүүчү маселе - Кытайды акчасын Америкага инвестициялоону улантууга кайрадан ынандыруу.

Бул АКШнын өкмөтүнө экономиканы жандандыруу үчүн 3 триллион долларга эсептелген чараларды каржылоосуна жардам бермек.

Бирок Кытайды инвестициясын улантууга ынандыруу жеңил-желпи эле болчудай эмес. Буга чейин эле анын АКШнын өкмөттүк облигацияларына салган акчасы 682 миллиард долларды түзөт. Мындан сырткары өлкөнүн чет элдик валюта корунда 2 триллион доллар бар. Пекин кокус АКШ доллардын нарксызданусуна жол берсе, жыйган-тергенинин куту кетүүсүнөн чоочуйт.

Андыктан Кытай алдыдагы ыктымал инвестициянын шарты катары Вашингтондон доллардан алмашуу курсун колдоо боюнча убаданы расмий талап кылуусу мүмкүн. Дегеле АКШ доллары менен Кытайдын улуттук акчасынын алмашуу курсу эки тараптын соодасындагы талаштуу маселе болуп келген. Күчтүү доллар жана арзан юан буга тенденцияны, кытайлык арзан товардын Америкага агылуусун шарттамак.

Акыркы жылдары болсо АКШ Кытайдан жогорудагынын тескерисин, башкача айтканда улуттук акчасы – юандын долларга карата алмашуу курсун көтөрүүсүн утур-утур суранып келди. Пекин юандын курсун жасалма түрдө арзандатып жатат деп эсептеген Вашингтон курстун көтөрүлүүсү кытайлык өндүрүштөгү товарлардын баасын кымбаттатуу менен америкалык керектөөнү азайтат деп үмүттөнчү.

Анткен менен Кытай азыр да оюнда артыкчылыкка деп айтуу чыныгы жагдайды чагылдырбай калат. Америкадагы инвестициясынын, чет элдик валюта корунун коопсуздугуна гана тынчсызданбастан, Кытай ушу тапта жалгыз экспортко гана ыңгайлашкан өнөр-жайын да колдоого муктаж. Вашингтондук экономист Чарльз МакМиллиондун айтымында, тышкы соодасыз Кытай товарга толгон кампаларын бошото албайт:

- Алар өткөн жылы 400 миллиард доллардык продукция өндүрдү, бул Улуттук дүң өндүрүштүн 12%ына барабар жана өздөрү керектей алгандагыдан көп.

Кытайдын экспортко таянган ишканалары ушу тапта кыйынчылыкка кабылды
Батыштагы рецессияга байланыштуу Кытайдын экспорту быйыл январь айында эле былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,5%га төмөндөгөн. Бул - акыркы он жылдагы эң чукул төмөндөө жана Кытай үчүн Америкадагы протекционисттик сезимге май тамызып албоосун эскерткен белги дагы.

АКШ менен Кытайдын бири-бирине көз каранды болгон бүгүнкү абалын алар кризистеги тең укуктуу өнөктөштөр деп мүнөздөө, балким туура болчудай.

Экономикасында эки система аралашкан акыркы улуу коммунисттик өлкө менен дүйнөнүн капиталисттик алдыңкы державасынын ортосунда арзан насыяга, АКШнын такай карыз болуусуна таянган өнөктөштүктүн доору аяктаганы бүгүн ачыкка чыгып турат.

Ал эми өнөктөштүктөгү жаңы доор кандай болору али алдында аныкталат өңдөнөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG