Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Иран: Бахайилер бул динди тутканы үчүн соттолуп, куугунтукталууда


Бахайи диний агымынын символу
Бахайи диний агымынын символу

Өткөн жылы Израилдин пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталган Бахайичилердин башчыларынын үстүнөн сот иши кийинки аптага жылдырылды. Бул тууралуу ирандык соттун басма сөз өкүлү шейшембиде (17-февралда) жарыялады.

Тогуз айдан бери камакта жаткан жети айыпталуучу алардын укугун коргоочу адвокат менен жолуктурулган жок. Айыпталып жаткандар өлүм жазасына кириптер болушу ыктымал.

Бахайичилердин камакка алынуусун эл аралык коомчулук кескин айыптап, өткөн аптада (13-февралда) АКШ бул – Ирандагы бахайичилерди тынымсыз куугунтуктоонун бир көрүнүшү катары баалады.

Камактагылардын бири Фарибанын бир тууган сиңдиси Ройа Камалабади “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Голназ Эсфандиариге маек куруп, бахайи динин туткандардын башчылары тек гана Ирандын Баш мыйзамы тарабынан таанылбаган диний ишеними үчүн камакка алынды деп айтты.

“Өткөн жылы май айында камакка алынгандан бери эжеңиз Фарибадан кабар алып, аны менен көрүшүү мүмкүнчүлүгүңүз болдубу?” деген суроого Ройа Камалабади алгачкы айларда жолугуша албай койгонун, бирок кийинчирээк аткаминерлер аларга учурашууга уруксат бергенин айтты. Фарибанын күйөөсү жана балдары да анда-санда көрүшө алышкан. “Түрмөнүн шарттары кандай экен?” деген суроого Камалабади айымдын жообу мындай болгон:

- Биз ал жердеги шарттар тууралуу жакшы деле билбейбиз. Жакында эле жолугушканда анын саламаттыгы начар болчу жана тилекке каршы кыштын суук күндөрү керек боло турган жылуу кийимдери да аз экен. Сыягы, эжем асты сыз жайда уктоого мажбур болуп келет. Камакка алынардын алдында эжем жүрөгүнөн кез-кезде кармап турчу жана ал маалы менен дары ичиши керек эле. Анын үй-бүлөсү ага дары алып барса, кейиштүүсү, түрмөнүн кызматкерлери дарыны албай койгон экен.

Бахайи диний агымынын башчыларынын үстүнөн сот иши жакында башталат. Ройа Камалабади айымдын айтымында, анын эжеси Фариба “Ирандын досу” деген уюмдун мүчөсү болчу:

- Ыңкылаптан кийин Бахайилердин диний уюмдарына Иранда тыюу салынган. Ал эми никелешүү, ажырашуу, өлүм-житим жана башка ушу сыяктуу иш-чараларды жетектөөнү “Ирандын достору” деп аталган уюм жүзөгө ашырып келди. Иран бийлиги бул топ тууралуу дайыма кабардар болуп келген, жада калса өкмөт мүчөлөрү анын өкүлдөрү менен жолугушкан. Менин эжем – ирандык 300 миң бахайилердин көйгөйлөрүн чечкен “Ирандын достору” аттуу топтун мүчөсү. Өзүңөр билгендей, бахайилерге жогорку билим алууга Иранда эч жол жок. “Ирандын достору” уюму болсо атайын университет ачып, өлкөдөгү жаш бахайилердин билим алуусуна олуттуу салым кошуп жана башка иштер менен алектенип келди.

Иран бийлиги бахайилердин лидерлерине олуттуу айыптарды коюуда. Аларга Израилдин пайдасына тыңчылык кылган жана динге шек келтирген деген кине тагылууда. “Мындай айыптоолорго негиз барбы?” деген суроого Камалабади айым мындай деп жооп кайтарды:

- Бардык айыптоолор негизсиз. Алардын камакка алынуусу – Ирандагы бахайи динин жана ага ишенген жамаат мүчөлөрүн кысымга алуу үчүн жасалган кадам. Бахайи эл аралык жамаатынын баш кеңсеси Израилде жайгашкан. Себеби бахайи дининин негиздөөчүсүн азыркы Израил мамлекети түзүлгөнгө чейин 80 жыл мурда эле ошол кездеги Иран өкмөтү менен Осмон дөөлөтүнүн бийлиги ошол аймакка сүргүнгө жиберген. Мындан сырткары бахайилерге Ирандагы өкмөттүк кызматтарда иштөөгө тыйуу салынган, демек, алардын өкмөттүк жашыруун документтерди алууга мүмкүнчүлүгү да жок. Ал эми диний ыйыктыкка акаарат кылды деген доого келсек, чынында бахайи дининин өзөккү принциптеринин бири - бардык диндерге тең урматтоо менен мамиле жасоо. Биз бардык диндерди Кудай өзү жараткан деп санайбыз жана алардын баарына тең урматтап мамиле кылабыз.

Акыркы жылдары көпчүлүк бахайилердин, алардын ичинде лидерлердин, арасында өзүңүздүн эжеңиздин камакка алынганы тууралуу байма-бай кабарланууда. Мунун артында кандай себептер турат?

- Менимче калктын көңүлүн олуттуу көйгөйлөрдөн башкага буруу үчүн Иран бийлиги бахайилерди куугунтуктоо сыяктуу чараларга өтө баштайт. Бул – Ирандагы бахайилер жамаатын ойрондоо үчүн жасалууда. Бул адамдарга карата айыптоолор, аларды камакка алуу адилетсиз. Аларга адвокат жалдоо сыяктуу негизги укуктар да камсыз кылынбаган. Нобел сыйлыгынын ээси, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади да камакка алынгандар менен жолугуша албай койгон. Аларга каршы доо менен байланыштуу айыптоо кагаздарын да үйрөнүү үчүн ала алган жок. Ирандагы бахайилерге көрсөтүлүп жаткан кысымдарга карабастан, мен бир жагымдуу нерсени байкадым – көптөгөн адамдар, өкмөттөр, укук коргоочулар жана ирандыктардын көбү бахайилерге карата коюлуп жаткан айыптоолор негизсиз болгонун, алар өздөрү туткан дини үчүн эле куугунтукталып жатканын абдан жакшы аңдашат.

“Азаттык” үчүн маек курган Ройа Камалабади айым 7 жыл мурда Ирандан Австралияга кеткен. Ал студент кезинде исламчыл ыңкылап жүзөгө ашты, андан соң ага университеттен окууга тыйуу салынды. Анын балдарын да мектепте опузалап жүрүштү. Акыры ал өз атажуртунан чет өлкөгө бозгундукка кетүүгө аргасыз болгонун айтат.

XS
SM
MD
LG