Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Казаттан баш тарткан 60 талип мунапыс алды


"Казаттан" баш тарткан талиптер жана согушчандар мунапыс күбөлүгүн берүү салтанатында, 17-февраль, Кабыл
"Казаттан" баш тарткан талиптер жана согушчандар мунапыс күбөлүгүн берүү салтанатында, 17-февраль, Кабыл

Ооган өкмөтү адашып, өкмөткө каршы «казатка» чыкканын мойнуна алган 60тай талип согушчанына мунапыс берди. Тынчтык жана элдешүү комиссиясы шаршемби күнү акыркы үч жылда бийликке каршы күрөштү токтоткон 7700гө жакын мурдакы талип согушчаны мунапыс алганын маалымдады.

Ооган өкмөтү курал жарагын таштап, кадыресе турмушка аралашууну каалаган талип согушчандарына биринчи жолу мунапыс жарыялап жаткан жери жок. Ооган парламенти астындагы Тынчтык жана элдешүү боюнча комиссиянын шейшемби күнү билдиришинче, акыркы үч жылда өкмөткө каршы казаттан баш тарткан 7680ге жакын талип согушчанына мунапыс берилген.

Шейшемби күнү мунапыс күбөлүктөрүн тапшыруу салтанатында тынч турмушка кайткан 60 чакты экс-талиптердин көпчүлүгү бети- башын ооган оромолдор менен жашырып турушту. Элдешүү комиссиясынын башчысы, экс-президент Себгатулла Мужахедди аларды сөзүндө бекем туруп, кайра согушчандардын катарына кошулбоого чакырды.

Президент Хамид Карзай 8-февралда коопсуздук боюнча Мюнхенде өткөн эларалык жыйында Ооган өкмөтү каршылашкан күчтөр менен жарашмайын, өлкөдө тынчтык болбойт деген оюн ортого салган: «Жакын арада ийгиликке жетүүбүз үчүн элдешүүнүн кайсы бир формасынан башка жол жок». Ооган лидери, ошондой эле, «ал-Каиданын» же террорчул уюмдардын мүчөлөрү болбогон жарандар августагы президенттик шайлоого катыша аларын айткан.

Тынчтык жана элдешүү боюнча комиссиянын билдиришинче, соңку үч жылда мунапыс күбөлүгүн алган экс-талиптердин арасында АКШлык аскерлердин Баграмдагы абак жайынан жана Гуантанамо түрмөсүнөн бошотулган 781 адам да бар. Бирок «Азаттык» радиосунун талдоочусу Абубакар Сыдыкинин сөзүнчө, жаңылганын мойнуна алып, элдешебиз деп келген согушчандардын арасында бийик даражалуу лашкер башчылар дегеле жок: «Машрано Жырга же Ооган парламентинин Сенаты жетектеген Элдешүү комиссиясы мурдакы талип согушандарына мунапыс берип, маал-маал элдешүүгө кадам жасап турат. Бирок мунапыс берилген адамдардын көбү төмөнкү даражадагы жоокерлер жана алардын ичинде бийик даражалуу лашкер башчылар жок. Ошон үчүн элдешүү программасы талип козголоңчуларына олуттуу тасир эткен жок.»

Президент Карзай Мюнхенде жарылагандай куралын таштап, өкмөттүк мунапыс менен тынч турмушка кайткан талип согушчандары чындап эле жайында болчу жалпы элдик шайлоого катыша алабы? Сыдыкинин боолгошунча, алардын шайлоого катышуусу жалгыз эле улуттук өкмөтүнүн ыктыярында эмес.

«Дегеле талиптердин шайлоого катышуусу Ооган өкмөтү, эларалык коомчулуктун, өзгөчө, НАТО жана АКШнын жаңы саясатына байланыштуу»,
дейт Сыдыки Кошмо Шттардын жаңы администрациясынын региондогу терроризмге каршы күрөшүү стратегиясын кайра караганы жатканына ишаара кылып.

XS
SM
MD
LG