Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

ЖКнын эки фракциясы АКШ авибаза маселесин карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ак жол” жана Социал-демократтар фракциялары АКШнын авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу маселесин карайт. Бул маселени буга чейин парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана коопсуздук жана коргонуу комитеттери карап, чыгарылсын деген чечимге келген. Ал эми жалпы парламент болсо АКШнын авиабазасын чыгаруу маселесин бейшемби күнкү отурумунда карай тургандыгын басма сөз кызматы билдирди. Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу жана эл аралык терроризмге каршы күрөшкө багытталган коалициялык күчтөргө кирген 11 мамлекеттин жоокерлери бар авиабаза Кыргызстанга 2001-жылы жайгаштырылган.(BD)

XS
SM
MD
LG