Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Ордо кеңеш алгачкы жыйынга эмдиги жумада чогулат


Кыргызстандагы Ордо кеңештин алгачкы жыйыны мурда кабарлангандай бүгүн болбойт. Кеңештин мүчөсү Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, ал 24-февралда болот жана анын күн тартибинде төрага менен анын орун басарын жана жооптуу катчысын шайлоо маселеси бар. Андан тышкары Ордо кеңеш тууралуу өкмөт тарабынан даярдалып, парламентке сунушталган мыйзам долбоорун карашы мүмкүн. Кеңештин мүчөлөрү долбоорду адегенде кеңеште карап, иштөө принциптери менен регламентин тактагандан кийин гана парламенттин кароосуна сунуштоону эп көрүп турушат. (BD)

XS
SM
MD
LG