2010-жылды Кыргызстанда ыктыярдуулуктун, кайрымдуулуктун жана марттыктын жылы деп белгилөө зарыл. Мындай сунуш менен президентке “Социалдык адилеттик жана коомдо тил табышууну камсыз кылуу” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышкан жаштар кайрылышты. Алар андан тышкары конференциянын эн белгисин социалдык адилеттиктин бүткүл дүйнөлүк күнүнүн Кыргызстандагы белгиси деп бекитүүнү өкмөткө сунушташты. Жаштар муну менен жакыр үй-бүлөлөр менен жетим балдардарга, карыларга коомду боорукер болууга көндүргөн жатышат. 20-февралда биринчи ирет социалдык адилеттиктин эл аралык күнү белгиленет.(BD)