Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

“Ак жол” фракциясы АКШ базасын чыгаруу маселесин кароодо


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясы Манас аба майданындагы АКШнын аскерий базасын чыгаруу маселесин карай баштады. Фракциянын депутаттарына тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берүүдө. Базаны чыгаруу маселесин 17-февралда парламенттин эки комитети карап, өкмөттүн сунушун колдоп берди.Өкмөт өз сунушунда Манас аба майданына антитеррордук коалициянын базасын жайгаштыруу боюнча АКШ өкмөтү менен 2001-жылы түзулгөн келишимди жокко чыгарууну сунуштаган. “Ак жол” фракциясы парламентте абсолюттук көпчүлүк добушка ээ. Ошондуктан бул фракция масени кандай чечсе, Жогорку Кеңеште ошондой чечим кабыл алынат.(AiT)

XS
SM
MD
LG