Президенттин буйругу менен Турдуназир Бекбоев Жалал-Абад облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Өткөн жумада Жалал-Абад облусунун губернаторунун биринчи орун басары Жаныш Курбанов кызматынан алынган. Жаныш Курбанов 2002-жылдагы Аксы окуясы учурунда жергиликтүү лидерлерден болгон.(AiT)