Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Бул жумада Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында италиялык композитор Джузепе Вердинин “Риголетто” операсы коюлат.

Бул спектакль аталган театрда мындан бир канча жыл мурда коюлган. Ал эми бул жолку оюндун өзгөчөлүгү - ойногон артисттердин дээрлик көпчүлүгү жаш улан-кыздар.

Төрт бөлүмдөн турган “Риголетто” операсы Джузепе Вердинин белгилүү чыгармаларынын бири. Автор бул операны Виктор Гюгонун “Падыша чер жазат” драмасынын негизинде жазган. Операнын алгачкы премьерасы 1851-жылы 11-мартта Венецияда болгон. Андан кийин Европанын бир катар сахналарында коюлуп, көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жараткан. Чыгармада бул турмушта адамдардын баарынын ойлору бирдей эместиги, жүрөктөрүнүн ак эмес экендиги айкындалат. Анткени спектаклдеги эң негизги каарман Герцог өзүнүн кара мүртөздүгү, өзүмчүлдүгү менен жаш Джильда аттуу кызды алдап, ал кыздын тагдырына балта чабат.

Спектаклдин жүрүшүндө мына ошол Джильда кызынан айрылып, башына караан түн түшкөн атанын образын жараткан кыргыз эл артисти Керим Орозбаев 20 жылдан бери Риголетанын ролун энсеп келсе, улуттук опера жана балет театрынын жаш солисти Жеңишбек Сманов Керим Орозбаев менен бир сахнада ойносом деп тилек кылган. Анын бул тилеги орундалып, “Риголетта” операсында падышанын образын ойноодо:

-Мен ушул классика жанрында билим ала баштагандан тартып эле, ушул операда ойносом деген тилек кылчумун. Бул спектакль негизи дүйнөдөгү эн чоң спектакль, ал эми мен жаратып аткан образ эң чоң ролдордун бири.

Дүйнөгө белгилүү болгон “Риголетто” операсы көптөгөн элдердин опера театрларынын репертуарына кирет. Кыргыз улуттук опера балет театрынын репертуарын болсо бул чыгарма 1985-жылы толуктаган. Эл артисти Эсен Нурмамбетова бул опера менен улуттук опера жана балет театрында чыгармачылык жолун баштаган. Аталган оюн менен дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн кыдырышкан. Орусиянын көптөгөн шаарларында - Свердловскиде, Барнаулда, Сочиде жана Монголияда өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүндө көрсөтүшкөн.

Былтыр Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артистери бул чыгармага экинчи ирет кайрылышып, жаңыча вариантта көрөрмандарга тартуулашкан. Оюнду койгон режиссер Искендер Сартбаев билдиргендей бул жолку оюнда көбүнчө жаш солистер катышкан.

Мына ушундай тарыхы баро, италиялык композитор Джузепе Вердинин “Риголетто” операсы театр күйөрмандарына ишемби күнү тартууланат.
XS
SM
MD
LG