Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Ооган алааматында курман болгон жоокерлерге Баткенде эстелик орнотулду


Бүгүн Баткен шаарында “Жеңиш” паркында Ооган согушунда жана Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин эрдигин даңазалаган мемориалдык комплекстин ачылыш салтанаты болду.

Областтык акимчиликтин басма сөз катчысы Мамажан Бердишевдин маалыматына караганда, мемориалдык комплексти даярдоого 700 миң сом жумшалган. Бул каражатты областтык бийлик менен мекеме-ишканалар жана демөөрчүлөр биригип жыйнаган.

Колундагы автоматын жерге каратып, бир колун жогору көтөрүп турган десант жоокердин эстелигин белгилүү айкелчи Абдисапа Калматов Бишкектен даярдап алып келген.

1979-1989-жылдардагы Ооган согушуна Баткен облусунан 537 жоокер катышкан. Алардын ичинен 7 жоокер жарадар болуп кайтып келип, кырчындай курактагы 25 эр азамат курман болгон. (KCh)

XS
SM
MD
LG