Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Кыргызстанга Орусиядан болобу же АКШдан болобу каржылык жардам гана керек болчу. Орусия Кыргызстанга ошондой жардамды сунуш кылды. Америкалык базанын тагдыры каржылык керектөөнүн айынан ушундай чечилүүдө. Орусия Кыргызстанга каражат берип гана чектелбестен бул чөлкөмдө АКШнын турушуна да бөгөт коюуда. Муну менен Орусия АКШга өтө чоң белги берди, деп билдирди "Азаттыкка" берген маегинде Колумбия Университетинин профессору Александр Кули.

Александр Кули (Alexander Cooley)
- саясий илимдердин доктору, Колумбия Университетинин алдындагы Барнард колледжинин профессору, "Ачык Коом" институнун изилдөөчүсү, АКШнын тышкы аскерий базалары жана Шанхай Кызматташтык Уюму тууралуу изилдөө менен алектенген америкалык саналуу серепчилердин бири.

Ал 2008-жылы жарык көргөн "База саясаты: демократиялык өзгөрүү жана АКШнын тышкы аскердик курамдары " (“Base Politics: democratic change and the U.S. military overseas”) деген китептин автору. Аталган китепте бир бап "Борбор Азия жана глобалдык коргонуу жагдайына баа берүү: жаны базалар, эски саясат" деп аталып, анда Кыргызстандын "Манас" аба майданындагы америкалык аскердик база тууралуу да сөз болот. Саясат таануучу A. Кули менен анын иш бөлмөсүндө жолугуп сөзгө тарттым.

- Профессор мырза, АКШнын дүйнө жүзүндө канча аскердик базасы жайгашкан жана алардын максаты эмне?

- Эми бул АКШнын аскердик базаларынын мүнөзүнөн көз каранды. Мындайча айтканда "аскердик база" деген бул өзгөчө маанидеги жайлардын бардыгын ичине камтыйт. Чыныгы аскердик базаларды айтсак, дүйнө жүзүндө ондогон мындай жайлар бар. Ал эми Американын жеке өзүнүн жайлары, айрым база жайгашкан өлкөлөр менен биргелешкен аскердик маанидеги түзүлүштөр, жабдыктар жайгашкан жайларды да эсепке алсак, анда 700-800гө чукулдайт. Алар дүйнөнүн жүзгө чукул өлкөсүндө жайгашкан.

- Айдын башында Кыргызстандын расмий бийлиги "Манас" аскер базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай бир тараптуу чукул чечимге эмне себеп болду деп ойлойсуз?


- Менин оюмча мунун үч негизги себеби бар. Биринчиси, учурда кыргыз өкмөтү акчадан кысталып турат. Ал каражат оболу улуттук экономиканы колдоого, ички төлөмдөрдү жүргүзүүгө керек. Отун-кубат жактан алганда бул кыш жергиликтүү калк үчүн катаал болууда. Мына ошондуктан кыргыз өкмөтү акчадан каржалып турган кези. Ал эми ошол акча каражатын Орусия сунуштап, кыргыз тарап болсо ага макул болду.

2 миллиард АКШ доллары узак мөөнөттүк насыя катары Кыргызстандын келечектеги суу-кубат тармагына, 150 миллион доллар акча учурдагы экономикага колдоо ирээтинде убада кылынды. Ал эми америкалык тарап болсо келишим боюнча "Манас" аба майданын пайдаланганы үчүн жылына 150 миллион доллар төлөөрү каралган, бирок анын ичинен 80 миллиону гана акча түрүндө берилсе, калган каражат гуманитардык жардам, демократияны колдоо иретинде берилет.

Экинчи себеп - бул Кыргызстандын ички саясатын чыңдоо. Президент Бакиев өлкөнүн көз карансыздыгын сактоого, өлкө ичиндеги биримдикти кармап турууга көңүл буруп, тышкы саясатты өзгөртүп жатканы менен байланыштырууга болот. Буга жазга чукул саясий оппозициянын жандануусу дагы түрткү болуп жаткандай сезилет.

U
Үчүнчү себеп - АКШдагы бийликтин алмашуусу. Жаңы президент Барак Обама тышкы саясатта Ооганстанды артыкчылык катары белгиледи. Мындан улам кыргыз тарап Ооганстан АКШ үчүн артыкчылык болгондон кийин "Манас" аба майданында турган учак-жабдыктарга төлөнө турган каражатын көбөйтүүнү көздөдү. Ошол эле учурда орустар дагы АКШнын жаңы жетекчилигин сыноодон өткөрүп, Борбор Азия чөлкөмүндө кимдин таасири күчтүү экенин, аларга да тиешелүү көңүл бурулушун билдирүүдө.

- Сиз сөзүңүздүн башында кыргыз тарапка чукул каражат керек болду деп айтып кеттиңиз. АКШ каражат жагынан колдоо көрсөтө алат беле?


- Жөнөкөй тил менен aйтканда, албетте, болмок. Бирок ошол эле АКШнын узактан бери калыптанган расмий саясаты буга жол беребейт. АКШ өз аскерий базалары үчүн түздөн-түз акча төлөбөйт. Каражат коопсуздук, гуманитардык жаатта ошол база турган тарап менен кызматташуу үчүн төлөнөт. АКШ аскердик базаны эле кармап туруу максатында эч бир өлкөгө каражат төлөбөйт. Ошол эле учурда ал төлөмдөр кайсы бир жерде көбүрөөк болсо, анда башка базалар жайгашкан өлкөлөр дагы төлөмдөрдү көтөрүүнү талап кылаары шексиз. Бул абдан талаш-тартыштуу маселе.

Албетте, АКШ чоң, кубаттуу өлкө. Ошондой болсо дагы аскердик базалар үчүн кыргыз тарап талап кылган сыяктуу жүздөгөн миллион доллар төлөөгө эч кандай жол берилбейт. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылса, ал АКШ Кыргызстанда дагы кандай багыттагы программаларды ишке ашырууга жардам көрсөтө алат деген мүнөздө гана болушу мумкун. Бул женил-желпи акча берип жаткан орусиялыктарга салыштырганда АКШ үчүн абдан орчундуу маселе.

- "Манас" аскерий базасын жайгаштыруу тууралуу келишимдин бир тараптуу бузулуп жатышы эл аралык деңгээлде кандайдыр бир чыңалууга алып келбейби?

- Андай деле эмес. Анткени бул келишим эки тараптуу. Базаны чыгаруу тууралуу бир тараптуу чечим кабыл алынгандан кийин дагы экинчи тарапка 180 күндүк мөөнөт берилет. Демек, Кыргыз парламенти тарабынан маселе каралып, базаны жабуу тууралуу чечим кабыл алынып, расмий нота берилгенден кийин 180 күн ичинде базаны башка жакка көчүрүү иштери башталат. Эгер бул мезгилде дагы сүйлөшүүлөр улантылып, кандайдыр бир жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болсо, анда базаны дагы 180 күнгө калтыруу мүмкүнчүлүгү экинчи жолу берилет. Мындай учурлар АКШнын башка базалары жайгашкан айрым өлкөлөрдө орун алган.

- Мындай убактылуу мөөнөт узартуу мүмкүнчүлүгү канча жолу берилиши мүмкүн?

- Мындай убактылуу мөөнөт узартуулар бир топко созулушу мүмкүн. Америкалык тарап үчүн базаны чыгарып кетүү бул баарыдан мурда анын кийинки отурукташа турган жерин аныктоо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу уюштуруу маселесин чечүү керек. Бул баарыдан мурда Бакиев ойноп жаткан "тен салмакташтыруу саясаты" сыяктанат. Базаны жабуу тууралуу маселени кароонун кечеңдешинин, президент Бакиевдин ал жөнүндө Москвада жар салышынын артында көп маселелер жатат. Бир аз күтө турсак, жагдайды толук түшүнөбүз.

- Өзбекстандагы "Ханабад" аскерий базасы жабылганда дагы жагдай ушундай эле болду эле?

- Өзбекстандан америкалык аскерий базанын чыгарылышы "Манаска" окшош эле болгон. Базаны чыгаруу тууралуу чечим июль айынын аягында кабыл алынып, расмий нота ноябрь айында берилген. Андан соң эмне болду? База чыгарылгандан эки жылдай убакыттан кийин былтыр ушул маалда өзбек бийлиги менен америкалык базанын кайра келишине макулдук берген келишимге кол коюлган. Учурда америкалык аскерлер мында германиялык күчтөрдүн алдында турат. Ушундай эле жагдай "Манас" базасында да кайталанып, азыр чыгарылып жаткан аскерий база 1-2 жылдан кийин кайра келиши да мүмкүн. Мындайча айтканда мындай мүмкүнчүлүктөр дайыма бар.

- Эгер "Манас" аба майданынан аскердик база чыгарылса кайсы өлкөгө жайгашуусу мүмкүн?

- Бул АКШ үчүн өтө урунттуу учур. Америкалыктардын көп деле мүмкүнчүлүктөрү жок. Казактар менен НАТОнун күчтөрүн колдоо жаатында сүйлөшүүлөр болгону белгилүү. Бул бир шарт. Дагы бир мүмкүнчүлүк НАТО күчтөрү кеңири колдонгон Түркмөнстандын "Мары" аскердик базасы. Албетте, бул учурда Түркмөнстан менен бир катар саясий маселелердин үстүндө иш жүргүзүлүүсү зарыл. Дагы бир мүмкүн болгон шарт кайрадан Өзбекстанга баруу. Бирок бул бардык жагдайларда кандайдыр бир саясий маселелерди чечүү талап кылынат.

Орусия дагы буга таасир этчү факторлордун бири, ал америкалык базаны кабыл алууга макулдук берген кайсы гана өлкөгө болбосун кандайдыр бир басым жасашы мүмкүн. Ушул сыяктуу бир топ чиелешкен маселелердин үстүндө узак сүйлөшүүлөр талап кылынат. Ошого байланыштуу америкалык тарап эң оболу "Манас" аба майданында калуу учун мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн баарын жүргүзөт.

- Профессор Кули, эми "Манас" аскерий базасынын тагдырын Орусия өз колуна алды, эми америкалык тарап сүйлөшүүлөрдү расмий Кремль менен жүргүзө баштайт деген маалыматтар айтылууда. Буга кандай карайсыз?

- Менин баамымда орусиялыктар бул маселеде олуттуу орунду алганы көрүнүп турат. Кыргызстанга Орусиядан болобу же АКШдан болобу каржылык жардам гана керек болчу. Орусия Кыргызстанга зарыл жардамды сунуш кылды. Америкалык базанын тагдыры каржылык керектөөнүн айынан ушундай чечилүүдө. Орусия Кыргызстанга каражат берип гана чектелбестен бул чөлкөмдө АКШнын турушуна да бөгөт коюуда. Муну менен Орусия АКШга өтө чоң белги берди.

Орусия АКШ менен бул чөлкөмдө (Борбор Азияда - авт.) кандай саясат жүргүзүлүшү керек, НАТОнун кеңейип бара жатышы, Польша менен Чехиядагы абадан коргонуу системасы, улуттук куралдуу күчтөрдүн кеңейиши саяктуу бир катар маселелерди чечүүнү көздөйт. Балким, бир аздан соң бул жаатта болуп жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы да белгилүү болуп калаар. Ал эми орустардын бул жолку Кыргызстанга жасап жаткан таасири бул соодалашуунун орду.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG