Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү белгилене элек


Бул тууралуу Бириккен Элдик Кыймыл тарабынан бийлик менен сүйлөшүүгө жоопкерчиликтүү болуп дайындалган Мукар Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, оппозиция сүйлөшүүгө даярдыкты билдирген катты мындан он күн илгери бийликке тапшырган. Бирок ал жактан ушул кезге чейин жооп боло элек. Белгилей кете турган жагдай, оппозиция бийлик менен саясий куугунтукту токтотуу багытында гана сүйлөшүү болоорун атап, БЭКтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаевди сүйлөшүүлөргө жоопкерчиликтүү кылып дайындаган. 6-февралда мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу Турдакун Усубалиев башында турган аксакалдарды кабыл алып, анда оппозиция менен бийликтин диалогу, саясий куугунтуктарды токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргөн. Бийлик оппозиция менен диалогду улантууга даярдыгын билдирген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG