Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Аликбек Жекшенкулов экинчи жолу соттук-экспертизага чакырылды


Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору “Азаттыкка” өзү билдирди. Жекшенкуловдун айтымында, анын тапанчасы Бишкектин түнкү клубдарынын биринде болгон окуяда атылган деген шек менен буга чейин бир жолу соттук-экспертизалык экспертизадан өткөрүлгөн. Бүгүн ал иш кайрадан жасалууда. Милиция кызматкерлери Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкуловдун түнкү клубда тапанча менен болгон окуяга тиешеси бар деп шектөөдө. Бирок Аликбек Жекшенкулов андай айыптоолорду четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук катары баалоодо.(AiT)

XS
SM
MD
LG