Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Орусия менен Жапония лидерлери Сахалинде жолугушту


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен Жапониянын премьер-министри Таро Асо бүгүн Сахалин аралында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Эки лидер Орусиядагы биринчи табигый суюк газ заводунун ачылышына катышып, Сахалинде өндүрүлүүчү табигый суюк газдын басымдуу бөлүгү Жапонияга экспорттолоору сөз болду. Бул жапон лидеринин биринчи жолку Сахалин аралына келиши. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары Советтер союзу Жапониянын Сахалинге танапташ аралдарын тартып алган эле. Жапония ал аралдарды дале кайрып алуу аракетин кылып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG