Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Парламент АКШ авиабазасынын тагдырын чечет


Бүгүн Жогорку Кеңеш АКШнын “Манастагы” авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу маселесин карайт. Мындай маалыматты спикердин басма сөз катчысы Авланбек Жумабаев “Азаттыкка” тастыктады. Эл аралык террорчулукка каршы күрөшкөн коалициялык күчтөрдүн Кыргызстанда жайгаштырылган авиабазасын чыгаруу чечимин өкмөт ушул ай башында кабыл алып, аны парламенттеги комитеттер менен фракциялар караган. “Ак жол” фракциясы менен Коммунисттер фракциясы авиабаза чыгарылсын деген чечимге келип, Социал-демократтар фракциясы мындай маанилүү чечимдер бир жактын кызыкчылыгы үчүн шашылыш түрдө кабыл алынбаш керек деп, бир депутатынан башкасы каршы болгон.(BD)

XS
SM
MD
LG