Ооган президенти Хамид Карзай карапайым тургундар арасындагы жоготууларга байланыштуу АКШ менен тирешүүгө чекит коюлду деп эсептейт. Мындан ары чет элдик күчтөрдүн операциялары ооган күчтөрү менен координацияланып турат, - деди Карзай. Ооган президенти кечээ Барак Обама менен телефондон сүйлөшкөн. Анын алдында АКШнын мамлекет башчысы Обама Ооганстанга кошумча 17 миң жоокер жиберүү планын жактырган.