Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Курманбек Бакиев: Жаңы министрлер жаңылануу алып келет деп күтөм


Мамлекет башчы ант берүү аземинен кийин сүйлөгөн сөзүндө учурдагы катаал шарт аткаруу бийлигинен ыкчам, көрөгөч чечимдерди талап кыларын айтып, үч маанилүү милдетке бийлик ээлеринин назарын бурду. Анын айтуусунда Кыргызстанга дүйнөлүк экономикалык кризистин таасири катуу тийбейт, бирок анын эпкини да өлкөгө жумшак тийүүсүн аткаруу бийлиги -өкмөт мүчөлөрү шарттоого тийиш. Ал ошондой эле жаңы өкмөт мүчөлөрүнөн реформаларды, жаңыланууну күтөрүн билдирип, министрлер берген антында айтылган бардык сөздөрдү куру жерге калтырбай, жасаган иши, жүрүш-турушу менен далилдөөсү тийиш, деп баса белгиледи. Аягында мамлекет башчы парламенттин ишине канааттангандыгын билдирип, бийлик бутактарын ынтымакта иштөөгө чакырды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG