Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Жогорку Кеңеште бүгүн АКШ авиа базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселеси каралаары күтүлүүдө. Бул маселенин тегерегинде "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна "Ак жол" фракциясынын депутаты Табылды Орозалиев жооп берди.

- Табылды мырза, СДП фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов кечээги талкууда АКШ аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынышына Кремлдин басымы негиз болду деген оюн айтты. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Мен Бешимовдун пикири менен келише албайт экенмин. Себеби ооган проблемасы кылымдардан бери келаткан нерсе. Согуш жолу менен ооган проблемасы эч качан чечилбейт. Мына 20-жылдын башында англичандар Ооганстанга келген. Анын арты эмне болуп бүткөнүн тарыхтан билебиз. Андан кийин Советтер Союзунун учурунда 1979-жылдан 89-жылга чейин он жыл согуш жүрдү ал жерде. Акырында Советтер союзунун саясий бюросу саясий катачылык кетиргенин моюнуна алып, туура эмес болгон иш деп айтышкан. Андан соң үчүнчү этап кетти. Антитеррорлук-коалициялык күчтөр келди.

2001-жылдан бери аскерий базасы биздин аймакта туруп, Ооганстанда согуш жүрүп келе жатат, аягы эмне менен бүтүп жатканын угуп жатпайбызбы. Бул деле мурдагылардай иш болот. Ошондуктан ооган проблемасы согуш жолу менен эч качан чечилбейт. Экинчиден АКШнын аскерий аба базасы эки-үч жылга эле келген база болчу. Мына сегиз жылдан өтүп баратат. Ошондуктан мен ойлойм, ар бир нерсенин башталышы дагы болот, аягы дагы болот дегендей, бул маселе өзүнөн өзү бышып жетилген маселе. Ошондуктан мен СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун пикири менен макул эмесмин.

- Кечээ жакында Колумбия университетинин профессору Александр Кули “Азаттыкка” берген интервьюсунда орустардын бул жолку Кыргызстанга жасап жаткан таасири - соодалашуунун орду, деп айтты. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Орусия менен биргеликте ГЭС куруу ири каражат инвестиция тартуу боюнча мындан үч жыл мурда эле башталган долбоор болчу. Сүйлөшүүлөр жүрүп келаткан. Орусиядан каржылык жардам алуу менен "Манастан" авиа базаны чыгаруу маселеси кокустуктан дал келип калды деп айтсак болот. Негизинен бул жерде эч кандай соода болгон жок. Бул Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн эле чечкен маселеси. Анын үстүнө базага байланыштуу экология проблемасы, алардын кол тийбестик дипломатиялык шарттарды алып алышып бул жердеги мамилелери, деги эле 8 жылдан бери көп маселелер чогулуп кетти да. Ошонун баары топтолуп-топтолуп отуруп мына аягында ушундай жыйынтыкка келди. Орусия Кыргызстанга басым жасап жатат деген негизсиз нерсе. Туура эмес. Орус-кыргыз ортосундагы мамиле кадимкидей эле достук өнөктөштүк иш.

- Силердин “Ак жол” фракциясынан депутат Зайнидин Курманов бул маселе боюнча эл аралык деңгээлде астейдил мамиле кылуу керектигин айтып, Канттагы Орусиянын аскерий аба базасынын зыян келтирүү мүмкүндүгүн дагы эстен чыгарбасак деген ойду айтты. Ак жол фракциясы Канттагы базага дагы кайрыласыздарбы?

- Канттагы аба базасы боюнча кандай зыяндар бар экенин билбейм. Менин билишимче ал жерде чоң транспорттук учактар учпайт. Ашып кетсе жабдыктарды алып келгени эле анда-санда учуп келбесе негизинен истребителдер, жеңил учактар эле учат. Анан мен кандай зыян келтиргенин уккан жок элем. Анын үстүнө бул база ЖККУнун, ШКУ уюмунун алкагындагы келишимдердин негизинде түзүлгөн да. Анын милдети бөлөк, Манастагы АКШнын аскер базасынын милдети бөлөк. Экөөнүн айырмасы чоң, ошонун айырмасын билишибиз керек.

- Табылды мырза, бүгүн парламентте "Манас" аба майданынан АКШнын аскерий аба базасын чыгаруу маселеси каралышы күтүлүүдө. Көпчүлүк добуш менен өкмөттүн базаны чыгаруу токтому жактырылса, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул маселеге чекит коюлабы?

- Албетте эгерде парламент буга байланыштуу АКШ менен мурунку келишимдерди денонцациялоо боюнча чечимин чыгарса ошону менен чекит коюлат. Бул эми эл аралык норма. Эгерде парламент кабыл алса, кабыл алынган денонсация боюнча мыйзамга президент кол койсо, анда бул маселеге чекит коюлат.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG