Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

АКШ базасы Кыргызстанда турган учурда бир катар жагымсыз окуялар болду


Мындай маалыматты тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу тууралуу АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу маселесин кароо учурунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтуусунда 2006-жылы америкалык учак менен Кыргызстандын жарандык учагы кагылышкан, америкалык аскерлер 2002-жылы март айында эки кыргыз кызын коюп кетишкен, ал эми америкалык аскердин колунан каза тапкан кыргызстандык жаран А. Ивановдун ишин эки тараптуу кароо тууралуу өзүнүн талабын билдирген Кыргызстандын пикирин жана “Манас” аба базасы боюнча 2001-жылы түзүлгөн келишимдин жаңы долбоорун түзүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сунушун АКШ көңүл сыртында калтырды, деп билдирди тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев депутаттарга.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG