Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Кыргыз парламенти бүгүн аткаруу бийлигинин филиалы болуп калды


Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун журналисттерге айткан сөзү боюнча партиялык тизме менен шайланган парламентте көпчүлүк партиянын өкүлү парламенттин жетекчиси болуш керек, ал эми негизги экономикалык блоктогу комитеттер башка партиялардын өкүлдөрүнө берилүүсү тийиш болчу. Депутат бул маселелер боюнча, башкаруу системасын жаңылоо тууралуу жана экономикалык кризистен чыгуу жөнүндө мамлекет башчы Курманбек Бакиевге беш айдан бери бир нече жолу кайрылгандыгын, бирок президенттик администрациядан эч кандай жооп болбогондугун кошумчалады. Депутат ошондой эле экономикалык маселелер боюнча кыргыз өкмөтүнө да кат, кайрылууларды жазып, бирок бирине да ушул күнгө чейин жооп ала алган эмес. “Ал эми ошол эле убакта Малайзияга, Британ өкмөтүнө кайрылган каттарыма кыска убакыттын ичинде жооп алдым,” деп билдирген фракция лидери электрондук өкмөт түзүлмөйүнчө кыргыз өкмөтүнүн иши алдыга жылбайт, деп эсептейт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG