Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Алайда генерал Исаковду колдоо комитети ишке киришти


Бул туурасында аталган уюмдун мүчөсү отставкадагы полковник Кадырбек Батыралиев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, Бириккен элдик кыймылдын жол башчыларынын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго карата бийлик тарабынан саясий куугунтук токтотулбаса, Алай районун жигиттери жөө жана ат жүрүш уюштуруп, кыз-келиндери Ак үй алдында ачкачылык жарыялашат. Исмаил Исаковдун «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, оппозициянын эки лидерин: анын жана Азимбек Бекназаровдун «көзүн тазалоо» тууралуу бийликтен жашыруун буйрук түшкөн. Бул тууралуу саясатчыларга атайын кызматтын өкүлдөрү маалымдашкан. (ATo)

XS
SM
MD
LG