Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Орустун динаятчысы Даниил Сисоевдин Кыргызстанды православиялык аймак кылуу керек деген ой-тилегин билдирип жатканын Интернет сайттар жазып чыкты. Теология илимдеринин доктору, «Арашан» гуманитардык институтунун дин таануу бөлүм башчысы Бакыт Мурзубраимов “Азаттыктагы” чакан маекте орус православиясын Кыргызстанда жайылтуу аракеттеринин келечеги жок деп билдирди.

- Интернет сайттарга орустун динаятчысы Даниил Сисоев Кыргызстанды православдык аймак кылуу керек деген ниетин билдирди. Бул ар кандай диний көз караштагы адамдардын ортосунда нааразылык жаратпайбы?

- Орус православ чиркөөсүнүн Сисоевдин айткан сөздөрү менен мен кечээ интернеттен таанышып чыктым. Анын ою орус православ чиркөөсүн Орто Азия элдерине киргизип, кабыл алдырып, андан ары кытайлыктарды дагы ошол чиркөөгө киргизүү ниетинде айтылган экен. Менин оюм боюнча бул курулай эле сөз. Себеби андай болушу мүмкүн эмес. Орустар өздөрүнүн православ чиркөөсүн Орусиянын аймагына жайылтууда деле анча ийгиликтерге жете алган эмес. Андай болгон соң, биздин өлкөдө православ динин кабыл алдыруу алар үчүн бир топ кыйынга эле турат.

Биздин Орто Азия казак, кыргыз, өзбек элдери илгертеден эле ислам динин тутунуп келген. 100 пайыз бекем болбосо дагы салт боюнча өздөрүн мусулман деп эсептешет. Экинчиден, православ чиркөөсүндөгүлөр жалаң гана орустар, же славян улутундагылар деген ой калыптанып калган биздин элдин аң-сезимине. Ошон үчүн 100 жылдан бери православ чиркөөсү биздин аймакта жүрсө дагы, биздин түрк улутундагы элдердин православ динине кирип кеткени өтө сейрек кездешет.

- Динаятчы Сисоев Кыргызстанда Уругвайдын католик миссионерлери жемиштүү иштеп, өздөрүнүн катарын көбөйтүп, 3 жылдын аралыгында эле ийгиликтерге жетишкендигин белгилептир. Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы жергиликтүү улуттардын өкүлдөрүнүн башка динге өтүп жатышына эмне себептер болууда?

- Башка динге өтүп жатышынын себептери бар. Христиан дини негизинен 3 топко бөлүнөт – католиктер, павославдар жана протестанттар деп. Биздин өлкөдө айрыкча ийгиликке жетишип аткан бул протестант багытындагы секталар деп айтсак болот. Себеби алардын ичинде дагы өзүнчө майда агымдар бар, мисалы - баптисттер, иеговалар. Булар 92-жылдардан баштап өздөрүнүн үгүт иштерин баштап, биздин элдин руханий дүйнөсүндө пайда болгон боштуктан пайдаланып калышкан. Ошондо кээ бирки биздин атуулдарыбыз динди жакшы түшүнө бербегендиктен, акыйкат ушул турбайбы деген ой менен ошондой секталарга кирип кетишкен.

Мен көп эле байкап жүрөм, “адашып кирип алдык, кайра кайтып өзүбүздүн динге келдик” деген кишилер да кездешип атат. Бирок баш оту менен кирип кеткендер дагы болуп атат. Протестант динаятчылары көбүнчө Европадан келип, кыргыз атуулдарын өзүнүн динине киргизип алып, ошол аркылуу өлкөдө үгүт иштерин жүргүзүп атат. Жерлерди, үйлөрдү сатып алып, сыйынуу үйүн ачып аткан учурлар бар. Ошону байкап туруп, биз дагы ошондой иш кылат элек деген ойго келип айтыптыр Сисоев ал сөзүн. Менин оюмча, православ чиркөөсүнүн тарыхында андай нерселер өтө сейрек кездешет.

-Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG