Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Жалалабаттык журналисттер облустагы карылар үйүндө болушту


Сузак районундагы карылар үйүндө 113 кары-картаң, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Мындай маалымат карылар үйүнүн башчысы Майрам Узакбаевадан алынды. Анын айтымында, 2005-жылы эски имаратты оңдоого 500 миң сомдук иш-чара түзүлгөн. Ал имарат бүтсө, ордунан тура албаган 66 адам ошол жакка которулмак. Тургундардын күнүмдүк тамак ашына 55 сом каражат каралган. Алардын көпчүлүгү орустар менен кыргыздар, деди Майрам Узакбаева. Карыларды караган кызматкерлер айлык маяналары аз, ал акчага жашоо мүмкүн эместигин айтышты. Журналисттерди алып барган Жалал-Абаттагы калкты социалдык жактан коргоо уюмунун башчысы Лидия Линдоренко облуста карылар үйүнө барууга оголе көп документ талап кылынаарын, бюрократтык мындай иш кагаздардын айынан көптөгөн жалгыз бой жана кароосуз адамдар жабыр тартып жүргөнүн билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG