Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Г. Султаналиева: “Мээрим булагындагы” балдар барымтада калгандай...


Ысык-Көлдөгү “Мээрим булагы” менчик балдар үйүнүн тегерегиндеги окуялар боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна ЖК депутаты, балдар үйүндөгү абалды иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик комиссиянын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева жооп берди.

- Аталган балдар үйүндөгү ачкачылыкка депутаттык комиссия менен тил табыша албай калганы себеп болдубу, же дагы башка себептер барбы?

- Бул жерде буга чейин көп туура эмес иштер болгон экен, өзгөчө юридикалык жактан. Биз баргыча эле, бул комиссия түзүлгөнчө эле Гүлнара Дегенбаевага прокуратурадан иштер козголуп, суракта жүргөн экен. Биз комиссия менен барган учурда өкмөт мүчөлөрү да биз менен кошо барган. Андан сырткары 3 фракциянын өкүлү барганбыз. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн аким өзү, андан сырткары прокуратуранын өкүлдөрү жана айыл өкмөттүн өзү баш болуп баарыбыз барганбыз. Биз барганда эле Гүлнара Денебаева дароо өзүнүн окуучуларын, балдарды киргизип, анан биз ал жерден жамаатты дагы чакырыңыз сүйлөшөлү дегенде, чакырды. Ошол эле учурда балдар биз кирээр менен эле күнөөлөрдү коюп, “силер биздин имаратыбызды алганы атасыңар, силерге биздин жерибиз керек болуп атат, силер бизди жаман сөздөр менен айтып атасыңар”, - деп каралап кирди. Бирок биз ал жерден Гүлнара бул этикалык суроо, балдар жашы жете элек, булар өздөрүнүн сүйлөгөн сөзүнө жана кыймылдарына жооп бербейт, биз сиз менен гана жана жамаат менен сүйлөшөбүз, балдарды эшике чыгарыңыз дегенде ал киши мен чыгара албастыгын айтты. Бул жерде балдарды күн мурунтан даярдап турганы көрүнүп турду.

- Бул жерде үй, жер талаш маселеси жокпу?

- Жок, эч кандай үй, жер талаш маселеси жок. Биринчиден балдар ал жерге канчалык деңгээлде юридикалык жактан туура катталып барган деген маселе бар. Экинчиден, бул маселе балдарды Орусияга чыгарып бараткан жерде чегарачылар тарабынан кармалгандан кийин гана ачыкка чыгып, текшерүүлөр башталган. Андан сырткары Орусияга биздин УКМКнын жетекчисинин орунбасары кат жиберип, чакырык менен барган, аты аталып аткан коомдук бирикме эч качан Ярославский облусунда эч качан каттоодон өткөн эмес, мындай коомдук бирикме жок деген расмий кат алдык.

- Балдар үйүндө балдардын укуктары бузулуп аткан окуялар жок бекен?

- Чынында биз андай нерсени көрө алган жокпуз. Бирок балдардын психологиялык абалы, ошол жерде туура эмес тарбия көрүп атканы, өспүрүм балдар ал жерде айткан сөздү аткарып атканы көрүнүп турат. Бул балдар аялуу топтогу балдар, укуктары жок, Гүлнара Дегенбаева менен анын тегерегинде турган адамдардын колунда барымта болуп калган балдардан деп да айтса болот. Андан сырткары мени өтө тынчсыздандырганы, бул жерде кичинекей балдар бар экен, эң кичинекейи 2 жашта экен. Ошол балдардын баардыгын биз ал жерден чыгарбасак алардын психологиялык абалы өтө оор деп айтат элем.

- Маалыматка караганда, депутаттык комиссия Кыргызстандагы башка балдар үйлөрүндөгү абал менен да таанышып чыккан экенсиздер. Башка балдар үйлөрүндөгү абал кандай экен?

- Башка балдар үйлөрүнө киргенде баардык жерде бизди жакшы кабыл алды. Албетте мамлекеттик делген балдар үйлөрүнүн абалы өтө оор экен. Биз жеке балдар үйлөрүн да текшерип чыктык, алар коомдук бирикме деген негизинде ачып алышкан экен. Биз бир дагы балдар үйүнөн Дегенбаеванын балдар үйүндө болгон абалда болгон жокпуз. Баардыгында проблема көп Дегенбаеваныкындай эле. Бирок алар балдардын акыбалын көрсөтүп, кандай маселелери бардыгын айтып атышты. Дегенбаеваныкына барганда эле алар киргизбей, кеп-сөзгө дагы келишпей, кетип атканда “биз ачкачылык жарыялайбыз, бизди башкалар колдойт” деп кайра бизди коркутушту.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG