Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

АКШ базасын чыгарууга ЖКда Социал-демократтар фракциясы гана каршылык билдирди. Аба базанын тегерегиндеги “Азаттыктын” суроолоруна фракция башчысы Бакыт Бешимов жооп берди.

- Аз күн мурда АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс “Манас” аба базасынын чыгарылышына байланыштуу пикирин билдирип, анда Москва эки жактан тең ойноого аракет кылууда деген оюн айтты. Анын сөзү боюнча расмий Москва бир жагынан Ооганстан боюнча бирге кызматташалы деп АКШга кол сунуп, экинчи жагынан “Манасты” жаап, бизге каршы иштеп атат деп айтып атат. Сиздин пикириңиз кандай ушуга карата. Анткени сиз дагы расмий Кремль Борбор Азияда өзүнүн саясий үстөмдүгүн орнотуу үчүн ушундай кадамдарга барып атканын айтып аттыңыз эле?

- Туура, мен Роберт Гейтстин оюна кошулам, азыркы учурда расмий Кремль биздин президент Курманбек Бакиев менен ойноп атат, менимче алдады.

-АКШ аба базасын чыгаруу боюнча түрдүү соодалашуулар жүрүп жатат, деген депутаттардын сөзүнө тышкы иштер министри толук ишендирип жооп бере алган жок. Кандай ойлойсуз, парламенттин бүгүнкү чечиминен кийин “Манас” аба базасынын тагдыры Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнөн көз каранды, деген сөздөргө чекит коюлушу мүмкүнбү?

- Ошондой да болуп кетиши мүмкүн, орус-америкалык сүйлөшүүлөрдүн негизинде бул маселе тескерисинче чечилип калышы мүмкүн. Анткени кыргыз чиновниктери бүгүн бирди, эртең башканы айтат, аны билесиздер го...

- Сиз жетектеген Социал-демократтар фракциясы бүгүн аскердик “Манас” аба базасын чыгарууга азыр эртелик кылат, деп билдирди. Кечээ сиздердин фракцияда база боюнча пикирлер кайчы келип калды эле. Парламенттеги бирден-бир оппозициялык партияда мындай кырдаал түзүлүшүнө эмне себеп болду?

- Жок, мындай кырдаал түзүлгөн жок, биз демокартияны сыйлайбыз да. Ошондуктан бул мөөнөтүнөн мурун чыгарылып атат. Азыр муну чыгарган туура эмес. Анткени улуттук коопсуздукту өтө бош абалда калтырып атат. Анан фракцияда биз талкуулаганда экөө базанын чыгарылышына макул болушту, калгандары болсо добуш берүүгө катышпайбыз деди, мен каршы чыктым. Аны туура эле көрүш керек да. Биз башка фракцияны карап туруп бирдей добуш бербейбиз. Өзүңүздөр билесиздер, “Ак жол” фракциясы эмнени гана айтпайт, анан тескерисинче добуш берет.

- Оппозиция демекчи, БЭКтин мүчөлөрү аба базасы тууралуу өздөрүнүн пикирлерин жекелеп билдирип жатышат. Бирок жалпы кыймылдын атынан билдирүү айтылган жок. Буга эмне себеп?

- Менимче билдирүүнү айткан. Ал билдирүүдө Канттагы жана “Манастагы” база жөнүндө айтылган. Менимче дагы алдыда убакыт бар. Балким дагы башка жолу менен айтат. Бирок фракциянын жетекчиси катары мен фракциядан талкуулап туруп, анан өз оюбузду так жана кандай түшүнсөк ошондой айттык. Улуттук коопсуздукка азыркы учурда биздин оюбуз туура келет.

- Сиз кечээ дагы айтып кеттиңиз эле, Кыргызстан, кыргыз өкмөтү, кимдир бирөөнүн, анын ичинде расмий Кремлдин так текесине айланбаш керек деп. Мына ушундай эгерде АКШ аба базасы боюнча Орусия АКШ менен тил табышып, база Кыргызстандан чыгарылбай кала турган болсо, Кыргызстандын тышкы саясаттагы орду кандай болот?

- Орду эч кандай болбойт. Азыр деле Кыргызстандын азыркы бийлигине эл аралык чөйрөдө эч ким ишенбей калды. Анткени булар бирди айтып, экинчини жасап талдама жолго өтүп алды, туруктуу позициясы жок Кыргызстандын аброюна ушундай кадамдар менен президент Бакиев чоң шек келтирди.

- Аба базасы эгерде чыгып кеткен күндө Баткен коогалаңы кайра кайталанышы ыктымал деген дагы пикирлер бар. Сиз кандай ойлойсуз?

- Кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Өкмөт улуттук кызыкчылыкты унутуп, улуттук коопсуздукту чынын айтканда азыр бош абалда калтырып атат. Бирок менимче, дагы бир жолу ойлонуп туруп эл аралык бекем система менен улуттук коопсуздукту сактап калышыбыз керек. Ооганстан тараптан албетте коркунуч жок эмес.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG