Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

АКШ мыйзамчылары Газа тилкесине келишти


АКШнын эки мыйзамчысы бүгүн Хамас уюму ээлик кылган Газа тилкесине келишти. АКШнын Иерусалимдеги консулдугунун билдирүүсү боюнча, демократтар Брайан Бэйрд жана Кейт Элисон бул аймакка акыркы төрт жылдан бери биринчи жолу келип отурушат. Ошондой эле бүгүн Газа тилкесине сенатор Жон Керри да эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу үчүн келмекчи. Маалыматка караганда АКШ өкүлдөрүнүн Хамас менен сүйлөшүү пландары жок. АКШ Хамас уюмун террорчу уюм катары эсептеп келишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG