Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

20-февраль: Тарых барактары


2000-жылдын бул күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алгачкы айлампасы өткөн.

2000-жылдын бул күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алгачкы айлампасы өткөн.

Кыргыз урууларынын таасирдүү манаптарынын бири - Жантай 1863-жылдын 20-февралында улуу жүз казактардын приставы, Ала-Тоо округунун башчысы Г. А. Колпаковскийге кат жолдогон. Француз изилдөөчүсү Р. ле Салле 1666-жылдын 20-февралында Монреаль шаарын негиздеген. Москва шаарындагы Минин менен Пожарскийге арналган эстелик 1818-жылдын 20-февраль күнү ачылган.

Жунгар баскынчыларынын XVII кылымдын экинчи жарымындагы энесайлык кыргыздарга жасаган кысымдын айынан, кыргыздар менен Сибирдеги орус бийлигинин ичара мамилеси начарлаган. Жунгарлар кыргыздардын орус бийлигине тартылып кетишинен кооптонушуп, аларды мезгил-мезгили менен орус ээлигине каршы тукуруп турган. Мындай саясат бир чети кыргыздарды орустардан алыстатса, экинчи жагынан, жунгарлар кыргыздарды согуш алааматы аркылуу кыска боожуда кармап турууга мүмкүнчүлүк алышкан. Красноярск воеводасы Д. Г. Загряжскийдин кабарлоосуна караганда 1678-жылдын 20-февралында ага жунгар контайшиси Галдандан чабарман келип, энесайлык кыргыздарга орустар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө буйрук бергенин билдирген. Анын айтымында, келишимге келе турган кыргыз элчилиги, жунгар бийлиги тарабынан албан жыйнала тургандыгын жана ага тоскоолдук жасалбай тургандыгын орус бийлигине билдирмек.

Кыргыз урууларынын таасирдүү манаптарынын бири - Жантай 1863-жылдын 20-февралында улуу жүз казактардын приставы, Ала-Тоо округунун башчысы Г. А. Колпаковскийге кат жолдогон. Катта Анарбек баштаган 400 кыпчак менен кошо аскерлердин Меркеге келгендиги кабарланат. Жантайдын билдирүүсүндө, аскерлердин ким жана кайдан келгендиги ачык айтылбастан, алар жалпы жонунан «сарт» деп белгиленет. Ошондой эле, орус бийлигинен аларды жаз айында кууп чыгарылат деген ишеним артылып, генералга 40 кыргоол жөнөтүлгөндүгү кабарланып, Жантай генералдан орозо үчүн бир кап күрүч сураткан.

Совет бийлигинин адегендеги он жылдыгы Кыргызстанда оор экономикалык жана социалдык проблемаларды жараткан. Жумушсуздук күч алып, иш издеген адамдар Фрунзе шаарына жапырт көчүп келе баштаган. Кыргыз АССР калкты иш менен камсыздоо кеңешинин элдик комиссары Афанасьев Фрунзеге агылган ишсиздерге 1928-жылдын 20-февралында билдирүү жасаган. Элдик комиссар борбор шаарда 3146 иш издеген адам катталгандыгын жана алардын саны улам артып бараткандыгын кабарлаган. Ал Кыргыз АССРинде иш табуу мүмкүн эмес, ошондуктан эмгек ордун СССРдин башка жеринен издегиле деп кеңеш берген.

Кыргызстан тарыхында 2000-жыл «Чубактын кунундай чубалган» парламенттик жана президентик шайлоо жылына айланганы маалым. Парлементтик шайлоо жаңы Шайлоо кодексине ылайык эки этаптан өткөрүлүп, анын биринчи туру 2000-жылдын 20-февралында ишке ашырылган. Шайлоо Кодексине ылайык, парламент Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынан турган эки палатадан уюшулмак. Кыргыз өкмөтү шайлоо жарышына татыктуу камылга көрүп, Шериктеш мамлекеттер арасынан биринчилерден болуп добушту автоматташтырып эсептөөчү «Шайлоо» системасын колдонууга киргизген.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Санкт-Петербург шаарынын губернатору менен кыргыз өкмөтү ортосундагы эки тараптуу экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу келишимге 2004-жылдын 20-февралында кол коюлган.

Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 20-февралында өткөн жыйынында Өмүрбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетүүнү сураган арызы каралган. Парламент спикери буга чейин президент Курманбек Бакиевдин адресине айткан акаарат кебимдин мазмуну туура болгону менен анын формасы жаңылыштыгынан улам арыз жаздым,-деп билдирген. Спикердин кызматтан кетиши үчүн регламентте каралган жетиштүү кол топтолбогондугуна байланыштуу, Жогорку Кеңеш Өмүрбек Текебаевдин арызын канаатандырган жок.

Вивлеемдеги биринчи аялдардын монастры 395-жылдын 20-феварль күнү ачылган.

Француз изилдөөчүсү Р. ле Салле 1666-жылдын 20-февралында Монреаль шаарын негиздеген.

Биринчи шарап аукциону 1673-жылдын 20-февралында Лондон шаарында ачылган.

Москва шаарындагы Минин менен Пожарскийге арналган эстелик 1818-жылдын 20-февраль күнү ачылган. Эстеликти жасоо жана аны куруу иши 7 жылга уланып, 1812-жылкы Мекен үчүн согуш маалында дагы токтотулган эмес. Эстелик башында азыркы Лениндин мавзолейинин каршысында орун алган. Совет бийлигинин маалындагы параддарга жолтоо кылат деген шылтоо менен 1931-жылы ал Василий Блаженный Соборунун жанына көчүрүлгөн.

Жаш жеткинчектердин сүймөнчүгүнө айланган Том жана Джерри аталыштагы мультфильм каармандары 1940-жылдын 20-февралында биринчи жолу экранда көрсөтүлгөн.

СССР Жогорку Кеңешинин президиуму 1978-жылдын 20-февралында КПСС Борбордук Комитетинин генералдык секретары, СССР Жогорку Кеңеш президиумунун төрагасы, СССР коргоо Кеңешинин төрагасы, Советтер Союзунун Маршалы Л. И. Брежневди «Победа» ордени менен сыйлоо туурасында жардык кабыл алган. Советтер Союзундагы жасакер сыйлоо арасынан бири да калк арасында мындай нааразычылык жараткан эмес. Айрыкча, согуш ардагерлери «Победа» орденинин статусу бузулгандыгына жана ага каучук маршалдын татыктуу тымызын болсо да пикир келишбестигин билдиришкен. Тарыхый калыссыздыкка М. С. Горбачев чекит коюп, 1989-жылдын 21-сентябрында мурдагы жардыкты жокко чыгаруу туурасында жаңы жардык кабыл алган.
XS
SM
MD
LG