Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Тибетте жаңы жыл майрамын бойкоттоо жаңы толкундоолорго түрткү болууда


Тибеттин сүргүндөгү жол башчысы Далай Лама
Тибеттин сүргүндөгү жол башчысы Далай Лама

Келерки аптада Тибетте Жаңы жыл башталат. Былтыр марттагы кан төгүүлөргө байланыштуу жергиликтүү уюм Жаңы жыл майрамын бойкоттоп, анын ордуна былтыркы курмандыктарды эскерүүнү сунуш эткен. Бирок Кытай бийликтери Тибетте коопсуздук чараларын күч алдырып, бир эле мезгилде Жаны Жыл майрамын майрамдоого акча таркатып жаткандыгы кабарланууда.

Тибеттиктердин жаңы жылы Лосар деп аталат, ал быйыл 25-февралдан тартып белгиленет. Зузана Окуркова - Чехиялык тибет таануучу. Анын айтымында, бул майрам 15 күнгө созулат, үйдө, көчөлөрдө жоро-жолдоштору менен белгилешет, ибадатканаларга барышат. "Бул тибеттиктердин секулярдык эң чоң майрамы" дейт изилдөөчү.

Бирок ушул күндөрү Тибетте бул майрамды бойкоттоого чакырыктар чөнтөк телефон, электрондук каттар, баракчалар аркылуу таркатылууда.

Ал эми Литаң шаарында өткөн жекшемби күнү бир киши көчөнүн бурчунан "Жашасын Далай Лама" деп кыйкырып, Лосар майрамын бойкоттоого чакырган. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Эркин Тибет өнөктүгүнүн билдиришинче, 37 жаштагы Лобсаң Лхундуп деген бул тибеттик кечилдин айланасында дароо 100дөгөн киши чогулат, кечил камакка алынды. Ал эми эртеси шаарда дагы жүздөгөн киши демонстрацияга чыгып, аны бошотууну талап кылышты. Полиция аларды кууп таркатып, дагы 20 чакты кишини камакка алды. Шейшемби күнү бийликтер дүкөндөрдү, жана мейманканаларды 3 күнгө жабууга буйрук берди.

Эл аралык Хералд Трибюн гезитинин 19-февралда жазышынча, өз атын атабоону өтүнгөн аял гезитке телефондон элдер көчөгө чыккандан коркуп жатышканын билдирди, ал эми жергиликтүү коопсуздук кызматтары бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Эркин Тибет өнөктүгүнө ылайык, камакка алынган кечилдин ал-жайы тууралуу маалымат алуу мүмкүн эмес, себеби жергиликтүү бийликтер чет өлкөлөр менен телефондон же башка жолдор менен байланышууга тыюу салды.

Аталган өнөктүккө ылайык, бүгүнгө карата Литаңдан тышкары Тибеттин баш калаасында жана дагы эки шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өнөктүктүн өкүлү Мэт Уитикейз "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Кытай өкмөтү Тибетти бүт бойдон аскерлер менен курчоого алып, туристтерди келтирбей жатат. Чет элдик журналисттер үчүн азыр көп аймактар жабык.

Чехиялык тибет таануучу Зузана Окуркова да Тибетте былтыркыдай тополоңдун кайталанышына жол бербөөгө камылга күчтүү экендигин белгиледи:

- Былтыркыдай болбойт болуш керек, анткени кытай бийликтери азыр коркуп турат, көзөмөл былтыркыдан алда-канча күчтүү.

Быйыл 10-мартта Кытайга каршы көтөрүлүштүн 50 жылдыгын белгилегени жатат. Ал көтөрүлүштө 100 миңдеген тибеттиктер өлтүрүлүп, алардын буддусттик ибадатканалары дээрлик бүт жок кылынган. Анын аралыгында 2008-жылдын мартындагы толкундоолордун бир жылдыгы жакындап келатат.

Британиялык өнөктүктүн өкүлүнүн айтымында, тибеттиктердин жаны жыл майрамынан баш тартып, анын ордуна былтыркы курмандыктарды эскерели деп жатканы алар кытай оторчулугуна каршы тынчтык мүнөздө каршылык көрсөтүүгө чечкиндүү экендигин айгинелейт:

Тибеттиктер Кытайдын баскынчылыгына каршы күрөшүн уланта берет. Бирок коопсуздук чараларынын деңгээлин эске алганда, нааразылык акцияларынын маңызы да башкача болот окшойт. Тибеттик блогдордо быйыл Жаңы жыл майрамдалбай тургандыгы тууралуу көп окуп жатабыз. Бул Кытайды өтө ыңгайсыз абалда калтырат. Бул - Батышта Иса пайгамбардын туулган күнүн эч ким майрамдабай койгонго тете. Бул да болсо тибеттиктердин кытайлык бийликке каршы тынчтык мүнөздөгү күрөшүнүн бир көрүнүшү.

Өткөн жылы март айында Кытайдын Тибет боюнча саясатына нааразы болгон тибеттиктер баш калаа Лхассада тынчтык мүнөздө демонстрацияга чыгышкан. Кытай бийликтери аны кууп таркатканда, кеминде 18 карапайым киши набыт болгон. Кытай өкмөтү бир полициячы курман болгондугун билдирген. Нааразылык тез эле башка аймактарга да таркаган. Сүргүндөгү тибеттик уюмдар андан кийинки куугунтуктоолордо дагы жүздөгөн тибеттиктердин өлтүрүлгөнүн айтышкан.

XS
SM
MD
LG