Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Орусия: Медведев Путинге тең ата боло алабы


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Орусия президенти Дмитрий Медведев мындан ары калкка мезгил-мезгили менен кайрылуу жасап турмак болду. Ушул жумадагы теле-кайрылуусунда ал экономикалык кризиске байланыштуу суроолорго кеңири токтолду.

Бул окуя экс-президент Владимир Путиндин колдоосу менен мындан бир жылча мурда шайланган Медведевдин саясатчы жана мамлекет башчы катары тирдиге баштагандыгын билдиреби деген суроого түрткү болууда.

...Кайыш капталган чоң, жумшак креслодо чалкалай отурган Медведев алдындагы чайтан улам ууртап, учурдагы экономикалык кризистин анчейин коркунучу жок деген кыязда, салабаттуу сүйлөп отурду:

Акыркы 5-7 жылда ар кандай финансылык-экономикалык кырдаалга деп көп акча топтоп койгонбуз. Бюджетти өзгөртүп жатабыз. Бюджетте кемчиликтер, тартыштык бар. Бирок резервддик кордун жардамы менен биз бардык чыгымдарды, анын ичинде социалдык чыгымдарды быйыл да, эмдиги жылы да төлөй алабыз, финансылык кризистин эң оор мезгилинен чыгып кетебиз.

Кымбат баалуу көркөм өнөр экспонаттары, сырты кайыш китептер коюлган бөлмөдө тартылган теле-кайрылуу Медведев өз үйүндө отуруп сүйлөп жаткандай таасир калтырды.

Федор Лукянов "Орусия глобалдык иштерде" журналынын редактору. Анын пикиринде, Медведевдин кырдаалды түшүндүрүп, эл алдына чыкканы колдоого алаарлык иш болду. "Мурдагы администрация үгүт-насаатка көбүрөөк басым жасаган. Ошондуктан бул келечектүү кадам десек болот" дейт ал.

Бирок Лукянов финансылык кризис тереңдеп жаткан маалда Медведевге өкмөттү башкарган экс-президент Путин менен тең салмактуулукту сактоо кыйын болот деп эсептейт:

Менимче, Путин аябай чарчап жүрөт. Азыркы абалдан улам, анын маанайы абдан начар. Ал кырдаал ушунча тез өгөрөөрүн күткөн эмес. Эгер быйыл бийликтин тең салмагы өзгөрсө, мен таң калбайт элем. Балким Медведев акырындап, өзүнө улам көбүрөөк бийлик ыйгарымын алат болуш керек.

Ал эми Москвадагы көз карандысыз Саясий Маалымат борборунун директору Алексей Мухин Путин-Медведев тандеми али дагы сакталат деп ишенет:

Владимир Путин менен Дмитрий Медведев дайым эле көзмө-көз жолукпай тургандыгы белгилүү. Бирок азырынча экөө ортодогу айырмачылыктар боюнча мунасага жетишип келатышат. Путин Медведевди ойлонуп туруп тандаган. Анын кулк-мүнөзүн абдан изилдеген. Кандайдыр бир күтүлбөгөн чоң өзгөрүү болуп кетпесе эле, Медведев президент болуп турганда Путин менен ачык тирешүүгө барбайт.

Ал эми карапайым элчи? Медведевдин жекшембидеги билдирүүсүнөн кийин айрымдар анын айтканына ынанбагандыгын айтышты. Ал эми новосибирскилик инженер Раиса Мелехова кийин Медведевдин сөзүнө муюганын мындайча билдирди:

– Ал сүйлөшкөндөн качпайт, кайда болсо да, эл менен баарлашканга аракет кылат. Азырынча айтуу эрте, бирок менимче саясатчылар элдин турмушуна көбүрөөк катышышы керек.

Медведев мындан ары мындай теле-шоуларды 3-4 жумада бир өткөрүп тураарын анын маалымат кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG