Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Ө.Текебаев: “ЖК эл аралык мамилени базар деңгээлине түшүрдү”


“Парламент АКШ авиабазасы боюнча күтүлүп жаткан чечимди кабыл алды, бирок ал ойлонулбаган, шашылыш чечим болду”. Мындай пикирди “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, бул чечим Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын Ош базарында соодалашкандай деңгээлге түшүрүп, кыргыз бийлиги менен акча менен гана сүйлөшүү керек деген пикир жаратты. Ошондуктан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Брюсселде “Мен АКШ жана Европа менен соодалашпай туруп эле макул болдум” деп билдирип, Кыргызстандын дарегине таш ыргытты”,-деди Өмүрбек Текебаев. Ал эми көпчүлүк добуш менен АКШ авиабазасын чыгаруу чечимин кабыл алган депутаттардын көбү бул Кыргызстандын көз карандысыздыгын тастыктап, өз жарандарынын укугу менен экологиялык коопсуздугун камсыз кылаарын далилдеди деп билдиришти. Антитеррордук коалициядагы 11 мамлекеттин жоокерлери кирген авиабазаны Кыргызстандан чыгаруу маселесин кечээ Жогорку Кеңеш карап, 78 депутат чыгарылсын деп добуш беришкен.(BD)

XS
SM
MD
LG