Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Жазгы талаа жумуштарына негизги даярдык бар


Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиевдин парламентте маалымдаганы боюнча күзүндө 272 миң гектар жерге күздүк эгин айдалып, мурда максатташтырылган 300 миң гектарга жетпей калды. Үстүбүздөгү жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул жетишпестиктерди жаздык айдоо менен толуктоо зарыл, дейт айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев.
Министрдин маалыматы боюнча жаздык эгиндерди себүү үчүн мыкты сорттогу үрөндөргө 21,9 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат сортту жаңылоо жана алмаштыруу үчүн үрөн чарбаларына үстөк пайызсыз берилет. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен 500 млн сомдон ашуун каражат жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө өкмөттүн токтому менен бөлүнүп берилген. Жаздык эгин 621 миң гектар жерге себилүүгө тийиш. 410 миң гектар жерге буудай айдалат. Арпа менен буудай себүү үчүн 56,3 миң тонна үрөн зарыл. Мунун ичинен 6971 тонна үрөн жетпей калышы мүмкүн. Жазгы айдоо иштерин жүргүзүү үчүн 15 миң куб метр дизель базар баасынан төмөн баада дыйкандарга сатылат. Ушул тапта айдоо иштерин жүргүзүүгө министрлик 72% дизелдик май менен камсыз болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG