Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Айыл чарба министрлигин ресурстук келишим шартында иштөө шартына которуу зарыл


Мындай пикирин министр Искендербек Айдаралиев парламентте билдирди. Анын айтуусунда министрлик өзүнүн бюджетин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшоого шарт түзүлсө, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн жакшы жагдай түзүлмөк. И. Айдаралиевдин айтуусунда учурда үрөн чарбалары да колдоого зарыл. Мыкты үрөндөрдү өндүрүүчү үрөн чарбаларды мамлекет тарабынан колдоо болбосо, дыйкандар мындай сорттордогу үрөндү Казакстан менен Орусиядан эки-үч эсе кымбат баада сатып алууга аргасыз болушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG