Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Миграция комитетинде коррупция фактылары аныкталды


Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абаддагы облустук жана райондук бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу менен коррупцияга аралашканы аныкталган. Алар кызматтык күбөлүктөрдү жасап, жумушсуз адамдарды ишке тартууга багытталган долбоорлорго бөлүнгөн каражатты өз чөнтөктөрүнө салып алышкан. Башкы прокуратура белгилегендей жең ичинен жеп-ичүүдөн мамлекетке 299 122 сом зыян келтирилген. Бул иштер боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы 9 кылмыш ишин козгоду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG