Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

“Манас” аба майданындагы АКШнын аба базасын чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн чечими кечээ парламенттен колдоо тапты. “Азаттыктын" түз обосундагы талкууда мына ушул маселенин айланасында сөз болду.

Талкууга ЖК депутаты, "Ак жол" фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов, коомдук ишмер, экс-депутат Шамшыбек Медетбеков жана АКШдан телефон аркылуу Мэриленд университетинде окуп жаткан саясат таануучу Эмил Жураев катышып, ой бөлүштү.


Аманбек Жапаров, Азаттык:
- Парламент «Манас» аба майданындагы АКШнын аскерий аба базасы тууралуу келишимди жокко чыгарды. Муну менен Кыргызстан Батыш өлкөлөрү менен алакасын бузуп албайбы?

У.Ормонов: -“Манас” аба майданындагы АКШнын аскерий аба базасы боюнча маселени эки жуманын ичинде үч комитет, үч фракция терең талкуулап, кечээ парламенттин сессиясына алып чыкты. Биз ойлойбуз, бул маселеге байланыштуу Батыш менен алака бузулбайт деп. Себеби бир гана келишим аркылуу Батыш өлкөлөрү менен байланышканбыз деген ойдон алысмын. Анткени мындан башка келишимдер көп. АКШ аскерий аба базасына байланыштуу келишим 2001-жылы бир жылга деп жазылып, ошол убакта эң зарыл учурда Кыргызстандын террорчулукка каршы күрөшүүгө кошкон зор салымы болгон. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн чечимин кабыл алды. Учурда аба базасы өзүнүнү милдетин аткарып бүттү деп ойлойбуз.

А. Жапаров: - Шамшыбек мырза жогорудагы суроого сиздин пикириңиз?

Ш. Медетбеков: - Кыргызстан Батыш менен мамилесин бузуп алат деп бир тараптуу айтуу кыйын. Себеби биз бир эле АКШ менен эмес, террорчулукка каршы коалицияда он эки мамлекет бар эле. Ошол мамлекетти чыгардык дегендикке жатат. Он эки мамлекеттин ичинде АКШ баш болгон чоң держава мамлекеттер бар. Экинчи жагы, ошол мамлекеттер көзөмөлдөгөн каржы институттар менен тыгыз байланышта 15-16 жылдан бери иштеп келе жаттык элек, ушул жагынан биз мамилени үзүп алабызбы деген кооптонуу бар.

А. Жапаров: - Эми АКШ менен байланышсак. Мериленд унивеситетинде билим алып жүргөн Эмил мырзанын жогорудагы суроого жообу кандай болду экен?

Э. Жураев: - Суроо өтө маанилүү. Жана айтылып кеткендей Кыргызстан Батыш менен мамилесин бир тараптуу бузат же бузбайт деп айтуу кыйын. Бузулуп калышы мүмкүн. Андай коркунуч бар. Анткени аскерий базаны өтө чоң миссияны аткарып, эл аралык чоң жардам катары ачып бербедик беле. Бүгүнкү күндө Ооганстанда кырдаал өтө кыйын. Ошону менен бирге Батыштык коалиция кайрадан Ооганстанга чоң операция баштаганы турушат. Так ушул учурда базаны биз чыгып кеткиле дегенибиз туура эмес болуп турат. Бирок Батыш менен байланышты бузбай калуу үчүн аракет кылышса, өтө кылдат, жакшы ойлонулган дипломатиялык аракеттердин аркасында мамилени сактап калышыбыз мүмүн.

А. Жапаров: -Жогоруда Шамшыбек мырза дүйнөлүк каржы институттары менен мамилени бузбашыбыз керек деп кетпедиңзби? Ошол пикриңиз боюнча суроо туулат. АКШ ушу тапта Дүйнөлүк Банк, Эл аралык валюта кору сыяктуу ири дүйнөлүк финансылык институттарды көзөмөлдөйт эмеспи, бул жагынан алганда Кыргызстан Эл аралык валюта корунун программасына киргендиктен, финансы боюнча бюджеттик параметрлерин ушул кор менен макулдашышы керек. Базанын чыгарылышы менен АКШ Кыргызстанга каржылык басым көрсөтүшү мүмкүнбү?

Ш. Медетбеков: - Сөзсүз көрсөтүшү мүмкүн. Себеби АКШ Эл аралык валюта кору менен Бүткүл Дүйнөлүк банкта көзөмөлдөөчү фунцияны аткарат. 15-16 жылдан бери ошол программада жүрөбүз, ошондон бери Кыргызстан үчүн улуттук валютаны сактоодо, төлөө баланстарын сактоодо Эл аралык валюта корунун, Дүйнөлүк банктын ролу абдан чоң болгон. Мына бүгүнкү күндө жетишкен экономикабызга, жетишкен каржылык көрсөтүчтөрүбүзгө ошол финансы институттардын көргөзгөн жардамы абдан зор. Эгерде азыр Америка бизге караган саясатын өзгөртө турган болсо, ошол каржы институттары программасын кайрадан карап чыгышы мүмкүн. Мына ошону биздин коңшулаш стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия алмаштыра алабы? Мына кеп ушунда жатат.

У.Ормонов: - Биз Америка мамлекетин дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдүн бири деп эесптеп жүрбөйбүзбү. Эгерде ушул келишимге байланыштырып Кыргызстанга кысым жасоо башталган болсо, анда Америка бүткүл дүйнөгө өзүнүн жүзүн көрсөткөн болот. Бирок биз ишенебиз АКШ мындай ишке барбайт деп. Себеби өзүбүздүн башка келишимдерди, убадаларды, кол коюлган келишимдерди аткарууга Кыргызстан аракет кылып иштеп жатат. Азыр Америкадан саясат таануучу инибиз айтып жатпайбы, бул маселе боюнча бир жактуу кесе айтыш кыйын деп. Бирок Кыргызстан бардык жагынан өзүнө тиешелүү бардык келишимдерди аткарып, "Манас" аба базасына байланыштуу келишим башка келишимдерге таасири тийбешине аракет кылат деп ойлойм.

А. Жапаров: - Эмил мырза жогорудагы суроого сиздин кошумчаңыз бар чыгаар?

Э. Жураев: Бул чечимибиз менен эмнеге жетиштик? Өтө татаал кырдаалда калып жатабыз. Биринчиден эл аралык өнөктөш катары, мамлекет катары ишенимдүүбүзбү же ишенимге татыбай калдыкпы?- деген суроо туулат. Ошол эл аралык уюмдарда дагы, башка мамлекеттерде дагы ушундай суроо туулат. Экинчиден, албетте жаш мамлекет катары, ачыгын эле айтыш керек, өзгөчө Орусия менен өтө тыгыз саясий, эл аралык байланышта экендигин Батыш мамлекеттери түшүнүп эле турат. Батыш деле түшүнүп, көрүп турат да, база маселесин Кыргызстан өзү эле чечип салган жок, Орусия менен кеңешип чечти деген сөз чыгып жатат. Ошондуктан бул маселени дипломатиялык жол менен, түшүндүрүү жолу менен чечсе болот. Мындан кийин ошол ишенимдүүлүк катары, ишенимдүү өнөктөш катары Кыргызстандын аброюу кичине басаңдай түшүшү мүмкүн.

У. Ормонов: - Мен ойлом, бул жерде тескерисинче болуш керек. Мына өзүңүздөр билесиздер жаңы бийлик келгенден баштап, ушул база боюнча сунуштарын киргизип, 2001-жылы бир жылга делип түзүлгөн келишимге Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн өздөрүнүн жүйөлүү сунуштарын берип келген. Бул жерде биздин сунуштарыбыз каралбай, эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбей келгенинин бир себеби бар. Тескерисинче, муну Кыргызстандын өзүнүн кызыкчылыгын коргоого кылган аракети ишке ашпаганынан мамлекеттин эгемендүүлүгүнө болгон саясаты деп түшүнүш керек.

Ш. Медетбеков: - Америкалык базанын чыгып кетиши Кыргызстандын коопсуздугуна дагы таасири тийши мүмкүн. Себеби дегенде, 2001-жылдан бери биздин аймакка экстремисттер, террорчулар киришкен жок. Тынч абал болду. Эми мындан ары АКШнын аскерий аба базасы чыгып кетсе кандай кырдаал болот? Бул дагы абдан чоң суроо.

А. Жапаров: -Айрым талдоочулар азыр АКШ менен Орусия коопсуздук маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктан Манастагы базанын тагдыры АКШ менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет деген пикирлерин айтышууда? Буга сиздердин көз карашыңыздар кандай?

У. Ормонов: -Албетте Орусия менен АКШ дүйнөдөгү саясатка таасирин тийгизүүчү чоң мамлекеттердин бири. Бирок мен ойлойм, азыркы авиа база боюнча Кыргызстандын чечими ушул чечим боюнча калышы керек. Бүгүн 2001-жылдагы абал менен азыркы учурду салыштырганга болбойт. Айырмасы абдан эле такыр башка. Азыр Ооганстанда өздөрүнүн президенти бар, өкмөтү бар, эл шайлаган парламенти бар. Өзүбүз жакшы билебиз Ооганстандын тарыхында өткөн кылым башында Англия, кийинки Советтер биримдиги сыяктуу курал менен кирип тартип орнотобуз дегени ишке ашкан эмес. Бул жерде башка механизм менен бүт дүйнө жүзү жардам берип, Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салыш керек.

Ш. Медетбеков: - Бул жерде биздин мамлекеттин кызыкчылыгы, өлкө башчысы дагы айтып жатпайбы экономикалык маселе деп. Демек эң негизги экономикалык маселе болгондон кийин, Орусия беребиз деген 2 млрд. долларды убагында береби же бербейби бул дагы чоң маселе. Анын үстүнө 300 млн. долларды алыш үчүн ошол эле эл аралык каржылык институттардын макулдугу керек болот. Экинчиден, ГЭС курганга 1 млрд. 700 млн. доллар алып жатпайбызбы, ошонун дагы пайыздык чени абдан жогору болуп жатат. Либер+3 деп атабыз. Либер+3 деген, либер экиден, беш, алты пайызга чейин термелип туруп өсүп, кээде кемип калат. Азыр дүйнөлүк кризис болуп жатканда мунун пайыздык чени өсүп кетсе, ошондо 7-8 пайыз бул коммерциялык кредит менен барабар болуп калат. Экинчиден 50Х50 пайызда келечекте биз сууну өзүбүз башкара алабызбы, суунун кожоюну болуп калабызбы? Ушул маселе дагы орчундуу болуп турат.

А. Жапаров: - Америкада билим алып жүргөн жердешибизге суроо узатсам. Эмил мырза "Манастагы" авиа базаны чыгарууга АКШ билйигинин көз карашы кандай? Маалымат каражаттарында кандай кабар бар?

Э. Жураев: -Белгилеп кетиш керек. Азыркы кезде Америкадагы ички экономикалык кырдаалга байланыштуу тышкы саясий маселелер эл арасында көп деле талкууланбай жатат. Мамлекет башчылары деле ички саясат менен убара болуп жатышат. Бирок айрым жерлерде Кыргызстандын Орусия менен болгон байланышы аркылуу, эки мамлекеттин мамилесинин негизинде биздин базаны чыгарып жатат деген сөздөр көп айтылууда. Ошондуктан Улугбек байкенин жанагы айтканына мен жооп берип кетсем. Албетте, Кыргызстан бул маселеде кандай чечим алса, аны эгемен чечим деп кабыл алынат. Эч ким муну Орусиянын чечими деп кабыл албайт. Бирок стратегиялык жактан, геосаясий жактан караганда муну түшүнүш керек. Чындыкты бардыгысы эле көрүп жатышпайбы. Бул чынында геосаясий оюн болуп, так ушул учурда анын экинчи барагы көрүнүп жатпайбы. Американын элдери тышкы саясатка кийлигишпейт. Бирок мамлекет үчүн чоң сокку болот да жакынкы күндөрү. Анткени АКШ Ооганстанга өзгөчө көңүл буруп жатпайбы ушу тапта.

А. Жапаров: -Манастагы авиа базаны чыгаруу менен Борбордук Азияда геостратегиялык теңсалмак бузулбайбы?

Э. Жураев : – Оогастан маселеси геостратегиялык жактан азыр кыйын суроо болуп турат. Чындыгында Ооганстанда кырдаал абдан кыйын, коркунучтуу болуп турат. Акыркы жылдарда начарлап баратат. Буга ким жооп берет? Кайсы күчтөр киришет? Ошол кирген күчтөр кандай түрдө операция кыла тургандыгы боюнча стратегиясын гана жүргүзүшөт? Булар чоң суроолор. Эч ким чече албайт. А Орусиянын чын көңүлдөн маани бербей, роль ойнобой турат. АКШ, негизинен Батыш чоң роль ойноп жатышат.

У. Ормонов:- Мен жанагы айткан сөзүмө кошумча кылып ктейин. Курал менен күч менен башка мамлекетке жардам берип, жакышылыкка алып келебиз деген ыкма дүйнө жүзүндө бир дагы мамлекетте оң таасирин берген жок да. Бул Иракта деле көрүнүп турат, башка өлөлөрдө дагы көрүнүп турат. Мен айтпадымбы, жалпы дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр, өзгөчө жанагы альянска кирген мамлекеттер ойлонушуп тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр жолу менен Ооганстанга тынчтык киргизиш керек. Ооганстанга тынчтык жолу менен жардам берүүгө Кыргызстан дагы даяр экендигин айтып жатат. Бул маселеде саясий чечим керек болуп турат.

Ш. Медетбеков:- Азыркы убакта геосаясатта дүйнөлүк тенденция болуп жатат. Кимдин Орто Азияга таасири күчтүү болот? Мына мындан бир эки жыл мурда эле Германиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы суу ресурстарынын чатагы боюнча биз ортомчу болуп беребиз деп өздөрүнүн сунушун айткан. Мына ошол эле ролду Орусия аткарабыз деп жатат. Өткөндө орус президенти Д.Медведев Дүйшөмбүгө барганда, тажиктерге Рагун ГЭСин, жанагы ички дайраларына үч ГЭСти курганга акча беребиз деп убада берип келген. Кийин болсо Ташкенге барганда Борбордук Азия чөлкөмүндө ГЭС курууда коңшу мамлкеттердин кызыкчылыгын эске алуу керек деген. Эгер бардык тараптардын кызыкчылыгы эске алынбаса Орусия ГЭС курганга катышпайт деп саясат жүргүзгөн. Акыркы күндөрдө Кыргызстанга ГЭС курабыз деп атат. Ушул маселе боюнча Дүйшөмбү Орусияга өзүнүн нотасын жиберген. Ошондуктан мунун кызыкчылыгы эмнеде? Бул жанагы талаш-тартыштан улам болуп жатат да. Эртең бизди кооптондурган маселе суубуздун кожойуну өзүбүз болобузбу же болбойбузбу деген маселе.

Айнура Жекше кызы (Прага студиясы): - НАТОнун Краковдогу жыйынына катышып жаткан АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс кечээги билдирүүсүндө АКШ Манас аба базасы үчүн төлөнгөн акчаны көбөйтүү ыктымалдыгын караштырууда деди. Вашингтон каражаттын өлчөмүн көбөйстө кыргыз өкмөтү ага көнөбү?

У. Ормонов: - Биз ушул ижара акы дегенден гана алыс болушубуз керек да. Бул жерде, албетте, ал деле өз ролун ойнойт, бирок негизи ушул келишимде биз тең укуктуу өлкө катары бири-бирибизге мамиле кылышыбыз керек. Кыргызстанды бир кичикий өлкө катары эмес эгемендүү тен укуктуу өлкө катары карап, келишимде ал жөнүндө эле эмес, мисал үчүн ошол кол тийбестиги жөнүндө жана башка маселелердин баардыгын каралган учурда гана Кыргызстан азыр жаңы келишимдин негизинде бизге тең укуктуу өлкө катары мамиле болгон күндө гана, эгерде Ооганстанда кырдаал күчөсө ушул маселеге кайрылышы мүмкүн. Муну биз такыр эле жок деп айтышыбыз кыйын. Бүгүнкү күндө эски келишим менен болгон базанын маселеси чечилди.

Ш. Медетбеков: - Бул абдан Кыргызстан үчүн өтө кызыктуу суроо, кызыктуу маселе болот эле. Себеби Кыргызстандагы базасы булар үчүн стратегиялык чон позицияда турганын көрсөтүп атат. Ошондуктан кыргыз өкмөтү эгер мүмкүнчүлүгү болсо алардын дагы пикирин угуп, ошол келечекте Кыргызстанга кандай жардам берет деген жагын да ойлонуш керек. Анан Кыргызстандын көп векторлуу тышкы саясаты болуш керек да. Мен ошонусун колдойт элем да, жактырат элем.

А. Жапаров: - Эмил мырза сиздин кошумчаныз барбы буга?

Э. Жураев: -Бийликтеги "Ак жол" партиясынын өкүлү айтып атпайбы, ошого макул болмокпуз, албетте. Алар эшик ачык, сүйлөшө беребиз десе анда сүйлөшө беребиз. Азыр эле бир жанылыктардан угуп калдым. “Кыргызстандын акыркы сөзү, эч качан акыркы сөз эмес ”-деп. Мүмкүн Америка да ошондой түшүнүп дагы сүйлөшөбүз деп атса, мүмкүн анда кайра эле сөз ачылат, кайра эле тема жабылбай калат го.

А. Жапаров: -Мына өткөндө ушул Америка базасын жабуу боюнча Москвада сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев экономикалык негиздерге, келишимдердин аткарылбашына басым жасады. Андан кийин эле Коопсуздук Кенешинин жыйыны болуп, Курманбек Бакиев айтты диний-экстремистик абал, кырдаал кыйын болуп турган учур деп. Бул жагынан алганда Ооганстандагы талиптердин баш көтөрүп, Ооганстанда кырдаалдын курчушу биздин коопсуздугубузга шек келтирбейби? Улукбек мырза кеп кезеги Сизде.

У. Ормонов: -Албетте, диний экстремизим акыркы убактарда ушул Кыргызстандын ичинде болуп аткан маселе – бул башка маселе. Бул өзүбүздүн ички маселебиздин бири. Буга бүгүнкү күндө түздөн-түз базанын чыгып кетиши таасирин берип жиберет дегенден мен алысмын. Парламент өзгөчө ушуга маани берип, дин боюнча мыйзамды кайра кабыл алып бердик. Ушул базанын чыгышы менен эле ошол нерселер бизге таасирин тийгизет дегенден мен алысмын.

Ш. Медетбеков: - Кийинки учурларда ошол эл аралык терроризм жана экстремизм күч алгандыгына байланыштуу улуу державалардын баары тең бул бир эле мамлекеттин иши эмес, бул дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин иши деген ураан көтөрүп келатышат да. Ошондуктан сөзсүз таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгерде биз буга активдүү катышпасак, Ооганстандагы жанагы талибандардын активдешүүсү келе турган иш. Ошонун илеби Кыргызстанга да тийиши мүмкүн да.
Түз ободогу талкууну Аманбек Жапаров уюштурду

- Маегиңиздерге рахмат.
XS
SM
MD
LG