Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Президент Түркиянын энергетика жана отун ресурстары министрин кабыл алды


Жолугушууда мамлекет башчы Курманбек Бакиев Түркия менен Кыргызстандын жылуу мамилеси тууралуу кеп козгоп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыш жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Ал эми Түркиянын энергетика жана отун ресурстары министри Мехмет Хельми Гюлер президентке өз делегациясынын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын максатын түшүндүрүп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда жаратылыш байлыктарын, адам ресурстарын пайдалануу менен ишке ашыруучу конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкчылыгын билдирди. Мындан тышкары жолугушууда энергетика, өнөр-жай, тоо-кен тармагы, жаңы технологияларды пайдалануу жаатында кызматташуу жөнүндө да кеп болду, деп маалымдайт президенттик басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG