Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Максим Кулешов прокуратурага кайрылды


Максим Кулешов 18-февралда Ак үй алдында өткөрүүнү көздөгөн кезектеги акциясы милиция тарабынан токтотулганын айтты. “Милиция мага адаттагыдай эле 371 жана 392-статьяларды мойнума илди. Сот болсо менин конституциялык укугумду эске алып, кайра 392-статьяны алып салды. Бирок милицияга баш ийбегендигим үчүн 500 сом айып акыны калтырды. Мен ошол эле күнү Биринчи май райондук прокуратурага мени текшерип, алып кетүүгө аракет кылган милицияларга карата арыз бердим”, - дейт укук коргоочу. Ал бул акциясында жөнөкөй жарандарга Кыргызстандагы системаны жаңыртуу формуласы камтылган плакаттарды көрсөтүүнү максат кылган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG