Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

КР өкмөт башчысы Евробиримдиктин өкүлү менен жолугушту


Өкмөттүк маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов Евробиримдиктин атайын өкүлү Пьер Морель менен жолугушту. Анда өкмөт башчы Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташуу алкагында көп долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Игрь Чудиновдун айтуусунда Евробиримдик Кыргызстанга суу-энергетика, туризм, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жаатында жана чакан ГЭСтерди курууга көмөктөшө алса, кызматташуунун деңгээли дагы бийик көтөрүлмөк. Евробиримдиктин атайын өкүлү өз кезегинде суу-энергетика жаатында Кыргызстан Борбор Азиядагы орду маанилүү, деп билдирип, буга себеп катары ушул тапта Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун өлчөмү аймактагы бардык мамлекеттерди кызыктырып жаткандыгын белгилеп кетти. Пьер Морельдин айтуусунда Евробиримдиктин мүчөлөрү Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго кызыгып жаткандыгын билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG