Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Оппозиция обдулууда


19-февралда БЭКтин Улуттук Кеңеши жыйын куруп, анда март айына белгиленген нааразылык акциясына чыгууну бекитти. Оппозиция ошондой эле президенттик шайлоо маселесин да көтөрдү.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеши 16-февралдагы жыйынында март айынын соңуна карай жалпы улуттук нааразылык акцияларын уюштурууну белгилеген. 19-февралда бул маселени эми БЭКтин Улуттук Кеңеши талкуулады.

Талкууланган маселе тууралуу Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

-Жыйында бюронун чечимин Улуттук Кеңеште карап, ошону бекиттирдик. Ага жараша март айында Кыргызстан боюнча чоң саясий акция болот. Экинчиден, саясий куугунтуктар боюнча президентке, башкы прокурорго, УКМКага, ИИМге билдирүү кабыл алып, куугунтукту токтоткула, токтотпосоңор биз ошого жараша мыйзамсыз кадамдарга барып, коргонууга мажбур болобуз деген билдирүү кабыл алдык.

Нааразылык акциясы учурунда кандай чакырыктар коюлары тууралуу суроого Бекназаров мындай жооп берди:

-Мурдагы эле БЭК түзүлгөндөгү максат менен чыгабыз. Шайлоо болсо Бакиевсиз шайлоо болуш керек. Ал кетиш керек. Биз конституциялык жол менен анын кетишин талап кылабыз деген чечим болду. Эгерде шайлоо боло турган болсо, барам дегендер бара берсин. Биз болсо шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынса гана чечим кабыл алабыз. Азырынча ал боюнча сөз кылбайбыз деп чечтик.

Президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтүш керек деген пикирди Социал-демократиялык партия айтып, Конституциялык сотко арыз
берүүгө даярдык көрүп келатат. Партиянын лидери Алмазбек Атамбаев даярдык көрүлүп жатканын тастыктады:

- Эми андай кайрылуу даярдалып жатат. Бирок азырынча бере элекпиз. Азырынча даярдык көрүлүп жатат.

Бирок Бириккен элдик кыймыл социал-демократтарды Конституциялык Сотко арыз менен кайрылбоого, бийлик үчүн президенттик шайлоодо ыңгайлуу шарт түзүп бербөөгө кеңеш берген. Атамбаевдин айтымында, БЭК тарабынан мына ошондой сунуш түшсө, анда алар Конституциялык Сотко арыз бербейт.

Оппозициянын март айына белгиленген акциясы кандай масштабда болот? Бул суроого саясат таануучу Марат Казакпаев мындай жообун берди:

- Оппозиция белгилесе акция болот. Бирок 2005-жылдагыдай, 2006-жылдагыдай, 2007-жылдын апрелиндегидей эл жыйналбайт го. Ал эми оппозициянын акциясы болот.

Саясат таанучунун пикиринде, оппозициянын бир уюмга биригүүсү позитивдүү жараян болууда. Эми эгерде алар бир лидердин айланасында баш кошо алса, анда жараян башка сапатка өтө баштайт.

Ал эми бийлик менен оппозициянын мүмкүн боло турган диалогунан азырынча кабар жок. Оппозиция тараптан сүйлөшүүгө жооптуу болуп дайындалган Мукар Чолпонбаевдин билдирүүсүнө караганда, диалог боюнча алар тараптан жолдонгон катка бийликтен жооп боло элек.

Оппозиция бийлик менен саясий куугунтукту токтотуу багытында гана сүйлөшүүнү белгилеп жатат. Эки тараптын ортосунда диалогду баштоого өлкөдөгү белгилүү аксакалдар аракет жасап, аларды 5-февралда мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кабыл алган. Бийлик өкүлдөрү анда диалогко даярдыгын билдирген. Бирок андан бери ал даярдыктын ишке ашканы тууралуу маалымат жок.






  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG