Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Тарых жана санжыранын тагдыры конференцияда талкууланууда


“Тарых жана санжыра” аттуу илимий-практикалык конференция бүгүн Мамлекеттик архив агенттигинде өтүп жатат. Анын максаты кыргыздардын тарыхын санжыра, оозеки чыгармалардын негизинде тактоо. Конференцияга окумуштуу тарыхчылар, философтор, жазуучулар, тарых изилдөөгө кызыккан инсандар, журналисттер катышып, “Балыкооздун санжырасы жана кыргыз тарыхы”, “Мажму ат-таварих-теги” кыргыз санжырасы”, “Кыргыз санжырасынын салты”, “Кыргыздын санжырасы жана тарыхтын шайкештиги” деген темадагы докладдар жасалды. Эми материалдар китепче болуп чыгат жана Мамлекеттик архивдин фондуна алынат.(BD)

XS
SM
MD
LG