Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

БУУнун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму - ЮНЕСКО 21-февралды Эл аралык эне тил күнү деп 1999-жылы жарыялаган. Ошондон бери дүйнө жүзүндө Эне тил күнү ЮНЕСКОго мүчө өлкөлөрдө ар жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.

Ушул тапта 6700дөн ашуун “тирүү”, башкача айтканда, жандуу колдонулган тилдер бар. Алардын жарымынан көбү болочокто өлүп-жок болуу коркунучу алдында турат. Алардын арасында Кытайдын түндүгүндөгү Хейлунцзян аймагында байырлаган Фү-йү кыргыздары да бар.

Көп улуттуу Орусияга келсек, серепчилердин айтымында, бул мамлекетте саны жагынан аз келген кавказдык, сибирдик же ыраакы чыгыштык ондогон этностук топтордун көрчүлүк өкүлдөрү өз эне тилин өп-чап колдоно баштады.

Ethologue (этнолог) уюму 1996-жылы жер жүзүндө 6500дөн ашуун тирүү тил бар экенин жарыялаган. Анын ичинен эне тилин күнүмдүк жашоо тиричиликте пайдална турушканы 6000ден ашуун экенин белгилейт. Ири тилдерге кытай, англис, хинди, испан, орус, араб жана башка тилдер кирет. Алардын каршысында жоголуу коркунучунун алдында турган тилдер эсеби 750 экенин да ошол эле булак жазат.
Этнолог чыгарган жыйынтык боюнча тилдин жоголуу коркунучу, ал тилде сүйлөгөн кишилердин түздөн-түз азайышынан улам болот. Ал тилде сүйлөгөн атуулдардын барган сайын башка тилге көнүп, эне тилинен качуу да түрткү болот. Андай тилдердин кийинки жүз жыл арасында такыр тыйылып, эч ким ал тилдерде сүйлөбөй калаары жакында ЮНЕСКО чыгарган жыйынтыкта да айтылат.

Түрк тилинин уюлунда жаткан эле тилдерден Орусия чегинде жашап аткан саны жангынан аз элдер кумык, гагауз, балкар, ногой, шор, долган, караим, тофалар тилдеринин өчүп баратышы буга күбө. Алардын эсил кайранга айланып баратышына жергиликтүү бийликтин кам көрүүсү же кысымга алуусу эмес, федералдык жогорку бийликтин андай деп да, мындай деп да түшүнсө болчудай мыйзам кабыл алышынан улам болуп атканын серепчилер белгилешет.

19-февралда Мамдуманын улуттар маселеси боюнча комитетинде каралган «көп улуттуу коомчулуктун ырааттуу өнүгүшүнүн стартегиялык байлыгы...» маселеси былтыр кабыл алынган жаңы мыйзам арибине жараша быйыл сентябрь айнан тарта мектептерде эне тилин окутуу бала жана эне-атанын каалоосуна жараша болмокчу. Андай кысымга Татарстан, Башкыртстан жана башка жумуриятар нааразылык билдиришкен.

Талкууга катышкан Орусия элдер жыйынынын төрагасы Рамазан Абдулатипов айтканга караганда, мыйзам арибин улам оңдоп жазуу менен саны жагынан аз элдер тилинин кендирин кесүү болуп атат. Андан сырткары өлкөдө жашаган ар бир этносту улуу элге айлантуу талабынан улам ушундай маанай жаралып атканын Абдулатипов мырза айтат:

- Кимге, эмне себептен, улам кайра биз - оруспуз, биз - орус маданиятынан таалим алганбыз, биз - орус тилинин адамыбыз деп үстөккө-босток актанаышыбыз керек?

Отурумга катышкан Мамдума комитетинин төрагасынын орун басары Аркадий Баскаев эне тилдин ошончо эле тез жоюлуп кетерине ишенбе бербей турганын айткан:

- Федерациянын кайсы бир субъектисинде капилеттен эле эне тилин үйрөнүүгө кысым көргөзүү болоруна ишенбейм. Бирок башка бир тилди өздөштүрүү үчүн бала мектепте дагы он жыл окуш керек.

Жер-жерлердеги бийликке былтыркы мектептерде балдарды эне тилинде окутпоого чек коюу чындап шылтоо болуп атканын Якутия (Саха) жумуриятынын депутаты Егор Жаркоев жыйын үстүндө айткан. Анын жумуриятында жаңы мыйзам күчүнө быйылкы жылдын сентябрында кириши керек болсо да баш прокурор балдарды окутуу жайларда эне тилин алып таштоо боюнча кат киргизген. Натыйжада ал мыйзамдан да алынып ташталган:

- Жогорку Cот (Якутия – ММ) жумуриятык мыйзамдагы бардык беренелерден, бир эле улуттук өзгөчөлүк эмес бардык улутук түшүнүк деген сөздөрдү чийдирүү үчүн көргөзмө берген, - дейт Жаркоев мырза.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG