Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

"Апта": АКШ базасы, оппозиция акциясы, диалог аракети


Өтүп бараткан жумада Кыргызстан АКШ базасын чыгаруу чечимин кабыл алды. Оппозиция март айына нааразылык акциясын белгиледи. Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү башталбай турат.

Жогорку Кеңеш АКШнын аскер базасын чыгаруу чечимин колдоду

19-февралда Жогорку Кеңеш 78 добуш менен базаны жабууга макулдугун берди. Күн узабай президент базаны жабуу боюнча парламент ратификациялаган мыйзамга кол коюп, андан соң Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллерди чакырып, базаны чыгаруу боюнча Кыргызстандын чечими ички процедуралардан өткөнүн маалымдап, тийиштүү нотаны тапшырды. Мына ошону менен жума күндөн тарта эсеп кетти. Ага ылайык 180 күндүн ичинде база чыгарылып кетүүгө тийиш.

Кыргызстан базаны чыгаруу чечимин таза экономикалык себептерге байланыштырды. Аны Курманбек Бакиев 11-февралда маалымат жыйынында билдирген эле:

-Маселе экономикалык жактан гана чыгууда. Акыркы үч жылдын ичинде мен, президент тараптан бир нече жолу маселе коюлган. Буш менен гана жолуккан жокмун. Кондолиза Райс, коргоо министри Гейтс, бизге келген конгрессмендерге да айтканмын, урматтуу мырзалар, келишимдин шартын кайра карап чыгыш керек. Убакыт башка, баалар башка. Кыргызстан финансылык кыйын абалда турат.

Америкалыктар кыргыз тараптын сунушу менен база боюнча келишимди кайра карап чыгуу максатында 2006-жылы сүйлөшүүгө отурган. Анда кыргыз тараптан сүйлөшүүнү ал кездеги коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов жүргүзгөн. Ал келишим боюнча "Манасты" ижарага алганы үчүн америкалыктар мурдагыдай жылына 2 миллион доллар эмес, 17 миллион 400 миң доллар төлөп, андан сырткары жардамдын көлөмүн 150 миллион долларга жеткирүүгө сөз берген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин айтымында, америкалыктар 17 миллион 400 миң долларды такай төлөп,
бирок 150 миллион доллар боюнча келишимди аткарган эмес.

Оппозициялык саясатчылар база маселеси акча менен гана ченелбеш керек деген пикирде. Маселен, социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов:

-Азыркы мезгилде жана келечекте Кыргызстан жана дүйнө, финансы-экономикалык кризис жана терроризмдин күчөшүнө байланыштуу татаалдыктарга жолугат. Мына ушундай шартта Манастагы жана Канттагы базалар терроризмге каршы күчтөрдүн маанилүү чынжырлары эле. Ошондуктан Манастагы базаны чыгаруу шашылыш жасалган нерсе жана ал регионалдык коопсуздукту алсыратат. Бул биздин улуттук кызыкчылыкка туура келбейт.

Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын жыйынында да база боюнча учкай сөз болгон. Анда берилген баа тууралуу кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров буларды маалымдады:

-Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы каралбай калды. Эки улуу мамлекеттин оюну болуп жатат. Биздин мамлекет башчылар эки чоң державанын оюнчугуна айланып калды, улуттук кызыкчылык корголбой калды.

Ошентип, АКШнын Манастагы базасын чыгаруу маселесин Кыргызстан чечти.

Базанын Кыргызстанга жайгашуу тарыхына келсек, ал иш 2001-жылы сентябрь айында АКШда болгон террордук чабуулдардан кийин башталган эле.

Мына ошол окуядан кийин АКШ баш болгон 12 өлкөнүн аскерлерин "Манас" аба майданына жайгаштыруу боюнча келишимдер кыргыз парламентинде 2001-жылдын декабрында ратификацияланып, андан кийин антитеррордук коалициянын аскерлери, техникалары, учактары жайгаштырыла баштаган.

Бирок Ооганстандагы антитеррордук операциянын мөөнөтү узарган сайын АКШнын базасы Кыргызстанда көпкө калып калат деген геосаясий тынчсыздануулар Россия жана Кытай тараптан көбүрөөк айтылып, ал 2005-жылы Шанхай Кызматташуу Уюмунун Астанадагы саммитинде “базаны чыгаруунун мөөнөтүн аныктоо” талабын коюуга алып келген. ШКУда болсо Россия менен Кытайдын салмагы чоң экени белгилүү.

АКШ базасын чыгаруу чечими кабыл алынганын алгачкы ирет президент Курманбек Бакиев 3-февралда Москвада жарыялаган. Мына ошол күнү Москванын Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, 150 миллион доллар грант, Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя берүү маселеси чечилген. Россия андан сырткары Кыргызстандын 193 миллион доллар тышкы карызынын бир бөлүгүн “Дастандын” 48% акциясына алмашып, калган бөлүгүн кечүүгө макул болгон. Мына ушул эки иштин бир убакта жана бир жерде аткарылышы базаны чыгаруу маселеси Москвада чечилгенин айгинелегенин талдоочулар белгилешкен.

Оппозция “Ормон опуза” кылып жатабы, же олуттуубу?

Дүйнөлүк номур биринчи мамлекеттин аскерий базасын чыгарылган жумада оппозиция жазгы акциялары тууралуу жар салды.
Курамына 11 оппозициялык партия кирген Бириккен Элдик Кыймылдын Улуттук Кеңеши 19-февралда жыйын куруп, анда март айында нааразылык акцияларын өткөрүү чечимин кабыл алды. Ал тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров маалымдады:

-Жыйында Бюронун чечимин Улуттук Кеңеште карап, ошону бекиттирдик. Ага жараша март айында Кыргызстан боюнча чоң саясий акция болот. Экинчиден, саясий куугунтуктар боюнча президентке, башкы прокурорго, УКМКага, ИИМге билдирүү кабыл алып, куугунтукту токтоткула, токтотпосоңор биз ошого жараша мыйзамсыз кадамдарга барып, коргонууга мажбур болобуз деген билдирүү кабыл алдык.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, оппозиция жыйынында Өмүрбек Текебаевке лидерлик сунушталган. Бирок ал баш тарткан. Андан сырткары 19-февралдагы жыйынга Алмазбек Атамбаев башында турган социал-демократиялык партия катышпай калган. Айрым маалыматтарга караганда, партия март айынын башына чейин убакыт сурап, мына ошол мезгилдин ичинде өзүнүн позициясын акыр аягына чейин тактап чыгууну көздөп турат.

Бирок социал-демократтар президенттик шайлоого катышуу ниетин ачык айтып, ага даяр экендиктерин билдиришүүдө. Ал эмес президенттик шайлоо быйыл күзүндө болуш керек деп, Конституциялык сотко арыз даярдап жаткандар да ушул социал-демократтар.

Аны партия лидери Алмазбек Атамбаев да тастыктады:

-Эми андай кайрылуу даярдалып жатат. Бирок азырынча бере элекпиз. Азырынча даярдык көрүлүп жатат.

Социал-демократтар март айына белгиленген оппозициянын нааразылык акциясына толук кандуу катышаары азырынча белгисиз. Анткени бул партиянын лидери Алмазбек Атамбаев күзгү президенттик шайлоого даярданып, анда утуп чыгуу негизги маселе экенин айтып келет.

Саясат таануучу Марат Казакпаев оппозициянын жазгы акциясы өтө масштабдуу боло бербейт деген пикирде:

-Оппозиция белгилесе акция болот. Бирок 2005-жылдагыдай, 2006-жылдагыдай, 2007-жыл апрелдегидей эл жыйналбайт го. Ал эми оппозициянын акциясы болот.

Марат Казакпаев оппозицияда жүрүп жаткан жараянды мындай баалады:

- Оппозицияда консолидация болуп жатат. Ал позитивдүү жараян болуп жатат. Эми оппозиция толук биригип, президенттик шайлоого бир лидерди чыгарса, ошондо жараян ого бетер жакшы болмок.

Бийлик менен оппозиция диалогу болобу?

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү 5-февралда талкууланган. Анда Турдакун Усубалиев башында турган аксакалдарды мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кабыл алып, бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.

Оппозиция өз кезегинде БЭКтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаев башында турган топту түзүп, саясий куугунтукту токтотуу багытында сүйлөшүүнү дайындап, тийиштүү катты бийликке жолдогон.

Бирок андан бери бийлик тараптан жооп боло элек дейт Мукар Чолпонбаев:

-Ишенбай Абдуразаков ортомчу болчу. Ага телефон чалганмын. Ал бийлик тарап менен сүйлөшөйүн деген. Ошол бойдон жооп жок. Бул бийликтин катардагы калпы окшойт.

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүү демилгесин алгачкылардан болуп Акыйкатчы Турсунбек Акун көтөргөн. Анын айтымында, эки тараптын диалогун уюштуруу оңой болбой жатат:

-Оппозициянын лидерлери менен четинен жолугуп, сүйлөшүп жатабыз. Алар бийликке өтө нааразы. Көңүлдөрү калган. Сүйлөшүүлөргө барайын деген ниеттери калбай калган экен. Бирок ошого карабай аракеттенип, алар менен сүйлөшүп жатабыз. Ажырым аябай чоң болуп калган экен. Бул дароо эле болуп кетпейт. Ал үчүн убакыт керек болуп жатат.

Бул арада оппозициялык саясатчыларга каршы сот жараяндары уланып жатат. Азыркы мезгилде Эмил Каптагаев, Эркин Булекбаевдин үстүнөн сот жараяндары жүрүүдө. Жума күнү Башкы прокуратура оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковго каршы кылмыш ишин Бишкек гарнизондук сотуна өткөрүп берди.

Исмаил Исаков иштин шашылыш сотко берилишин мындай баалады:


- Эми ал иштин максаты белгилүү болуп калды. Президент баш болгон бүгүнкү бийлик жакында шайлоо болот деп, ага президент барамын деп бүткүл кыргыз элине,тышкы коомчулукка жарыя кылгандан кийин мени ошол президенттик шайлоого катыштырбай, ошого аракет кылбасын деген максатта ишти чала-була бүтүрө калышып, аскер сотун шашылыш өткөрүп бере салышты.

Президенттик шайлоо демекчи, оппозиция тараптан учурда президенттик шайлоого катышуу ниетин ачык түрдө социал-демократиялык партия гана билдирүүдө. Албетте, “Ата мекен” партиясы да өз талапкери менен чыгышы күтүлүүдө. Булардан сырткары саясий кырдаалга жана мезгилге жараша башка бирикмелер, тандемдер пайда болушу турган иш.
















  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG