Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Оштук дарыгер президентке кайрылды


Ош облустук санитардык көзөмөл борборунун дарыгери Сабиржан Ташполотов «Азаттыкка» маалымдашынча, түштүк борборунун соту аны ноокаттык балдарга жана энелерге СПИД илдетин жуктурган медициналык кызматкерлердин китепчелерин текшерген эмес деп айыптап, 5 жылга кескен. Бирок облустук сот ишти кылдат териштирип, дарыгердин аракетинде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу толук актаган. Ошентсе да, Ош шаардык прокуратурасы мындай чечимге макул эместигин билдирип, Жогорку Соттон Ташполотовду кайрадан жазалоону талап кылууда. «Курманбек Салиевич, менин ишимди жеке көзөмөлүңүзгө албасаңыз, мамлекеттик айыптоочулар отчет үчүн соттоткону калышты. Кокус камалсам, аялым каза тапкан, башка каралашаар тууган-уругум жок, кичинекей 4 балам кароосуз калат. Алардын убалын ойлоңуз?» - дейт Ташполотов өлкө башчысына жолдогон кайрылуусунда. (ATo)

XS
SM
MD
LG