Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

Дүйнөдө тилдердин саны азайса, Балканда көбөйдү


Сербиялык бүгүнкү китеп дүкөнүнөн көрүнүш

Сербиялык бүгүнкү китеп дүкөнүнөн көрүнүш

21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. Бириккен Улуттар уюму колдогон бул майрам 2000-жылдан бери белгиленип келет. Максаты – лингвистикалык ар кылдуулукту күч алдыруу жана бүгүнгө чейин сакталып калган дүйнөдөгү 6 миңдей тилдин мурастарын сактоо.

Борбор Азияда "бир эле oрток түрк тилинде сүйлөсөк жетет" деп эсептегендер бар, ал эми көпчүлүк "ар кимибиздин тилибиз ар бөлөк" деп эсептешет. Бирок ар түрдүү себептерден улам, коңшу элдердин өкүлдөрү менен орусча сүйлөшөт. Ушул жаатта Балкандагы кырдаал да көңүл бурууга арзыйт.

Эгер сиз Балкан элдерин кыдырып жүрүп, Шекспирдин атактуу "Розаны ким кандай атабасын, анын буркураган жыты кала берет" деген учкул сөзүн жергиликтүү тилде айтууну сурасаңыз, босниялыктар, хорваттар, черногориеликтер жана сербдер аны дээрлик бирдей айтаарына күбө болосуз.

Көчөдө да баня-лукалык серб менен Дубровниктен келген хорват өз арасында эч кыйналбастан тил табышат. "Кайсы тилде сүйлөшүп жатасыңар?" деп сурасаңыз, "биздин тилде" деп жооп беришет.

Бирок көзмө-көз баарлашканда, "ар кимибиздин тилибиз бөлөк" деп айтаарына ишенип коюңуз:

"Азаттыктын" хорват тилинде китеп окуйсузбу деген суроосуна да бир аял "ооба" десе, экинчиси "окубайм, мага сербче окуган жеңилирээк" деп жооп берди.

Мурдагы Югославия улутка негизделген майда өлкөлөргө, федерацияларга жана оодандарга бөлүнүп кеткенден бери, бир кезде серб-хорват деп аталган бир тил да бөлүнүп-жарылды. Натыйжада кээде көчөлөрдүн аттары 3-4 тилде жазылган учурлар кездешет.

Ал эми мурдагы Югославия боюнча согуштук трибуналда "босниялык-сербиялык-хорват" деген орток тилди колдонушат.

Айрымдар Балкан элдери согушка чейинкидей бир тилге кайтып келиши мүмкүн экендигине көздөрү жетпейт. Дүйнөдө тилдердин саны азайып баратканда, балким бул жакшы жөрөлгөдүр. Бирок Белградда жайгашкан Цлио басмаканасынын директору Зоран Хамовичтин лингвистикалык ар түрдүүлүккө таптакыр көңүлү чаппайт:

– Азыр тилдерди ар башкача аташат, бирок баары - бир эле тил. Баарыбыз аны түшүнөбүз. Саясий бөгөттөр өсө берсе, биздин басмакананын иши жүрбөй калмак.

Хамович ошондуктан авторлордун китептерин алар жазган тилде жарыялайт. "Сербче гана окуйбуз дегендердин жетелендисинде калгыбыз келбейт", дейт китеп басуучу.


XS
SM
MD
LG