Бангок жыйынында Түштүк-Чыгыш Азиянын 10 өлкөсү, Кытай, Жапония жана Түштүк Кореянын каржы министрлери аймактык валюталарды коргоого кошумча 40 миллиард доллар бөлүүгө макулдашышты. Алар ошондой эле протекционисттик чаралар экономикалык кризисти гана тереңдетет деген мунасага жетишишти.